Айыпка жыгылып калба! Велосипедчен адам биле жүрчү негизги 8 эреже

© REUTERS / Matthias RietschelКоопсуз бет кап кийген киши велосипед тээп баратат. Архив
Коопсуз бет кап кийген киши велосипед тээп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги айдоочуларга пайдасы тие турган рубрика ачкан. Бул ирет инспекторлор менен биргеликте велосипедчендерге керектүү маалыматтарды топтодук.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жылдан-жылга калаада веложолдор көбөйүп, веложүргүнчүлөргө жакшы шарт түзүлүүдө. Муну менен катар велосипед менен жүргөндөрдүн саны да акырындап арбып баратат.

ДТП в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жадыбалдай жатта! Жол кырсыгына кабылган айдоочу көрө турган 5 чара
Адистердин айтымында, велосипед тебүү, биринчиден, адамдын ден соолугуна пайдалуу болсо, экинчиден, көчөлөрдө унаа азайып, шаардын абасы тазарат.

Велосипед дагы транспорт болуп эсептелгендиктен, аны башкаргандар үчүн атайын жазылган жол эрежелери бар. Коопсуздук үчүн аларды биле жүрүү ашыкча болбойт.

Sputnik Кыргызстан айдоочуларга пайдалуу маалыматтарды, суроо жараткан жол эрежелерин аныктап, зарыл болгон кеп-кеңештерди берип туруу максатында атайын рубрика ачкан. Анын алкагында бул ирет шаарда велосипед менен жүрүүнүн эрежелери тууралуу сөз болот. Эрежелер Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын сайтынан алынып, айрымдарына жол инспекторлору жооп берди.

Эрежелер

  • Автоунаалар жүргөн чоң жолго велосипед менен чыкчу адамдын жашы 14 жаштан өйдө болушу керек;
  • Велосипед жолдун оң тарабындагы тилкеде жүрүүгө тийиш. Мүмкүн болушунча оң тарапка, четке жакын жүрүшү шарт;
  • Эгерде жөө адамдарга тоскоолдук кылбаса, жолдун чети менен жүрүүгө уруксат;
  • Велосипед айдоочуларына рулду бир кол менен башкарууга тыюу салынат;
  • Жүргүнчүлөрдү ташууга да тыюу салынат. Бирок бул тыюуга 7 жашка чейинки курактагы балдарды бекем бекитилген бут койгуч менен жабдылган кошумча отургучта ташуу кирбейт.
  • Узун-туурасы 0,5 метрден ашкан жүктү же башкарууга тоскоолдук кылган жүктү ташууга да болбойт;
  • Веложол турса чоң жол менен жүрүүгө уруксат берилген эмес.

Кулакчынды алып, капюшонду чеч! Жол чийинден өтүүдөгү 7 эреже. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кулакчынды алып, капюшонду чеч! Жол чийинден өтүүдөгү 7 эреже. Видео
Жол белгиси жок кесилиштерде велосипед айдоочусу башка транспорт каражаттарына (жеңил, жүк ташуучу унаа, автобус, троллейбус) жол бошотууга тийиш.

Бул эрежелерди сактабагандар Эреже бузуулар кодексинин 125-беренеси боюнча айыпка жыгылат. Анда жөө жүргөн киши, велосипедчен, мал айдоочу жол кыймылынын эрежелерин бузса, 1-категориядагы айып пул төлөйт. 

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөн велосипедчен кантип өтүшү керектигин да түшүндүрүп берди.

"Велосипедчен жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөн өтөрдө транспортунан түшүп өтүүсү кажет. Бул жол кыймылы эрежелеринин 24-беренесинин 2-бөлүмүндө жазылган. Айдап өтсө, жол кыймылынын эрежесин бузган болуп эсептелет", — деди Оторов.

Сунуштар

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөнү жок сигнал берип ачууга алдырба. Айдоочулук этикет
Велосипед менен жолго чыгуунун алдында анын рулу жана тормозун текшерип коюу керек. Мындан сырткары сөзсүз башка шлем кийүү сунушталат. Кокустан жол кырсыгына кабылса, шлем өмүрдү сактап калышы толук ыктымал. Мындан сырткары чыканакка жана тизеге атайын тагылчу жабдууларды да тагынып алган оң.

Жолдо кетип бара жатканда дароо рулду бурбаш керек. Кечкисин жана түнкүсүн жарыкка чагылышып турган кийим кийүү же кандайдыр бир элемент тагынуу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0