Москвада мекенге кайтууну талап кылган кыргызстандыктар. Элчилик үн катты

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүМедициналык беткапчан жүргүнчүлөр аэропорттун каттоо зонасында. Архив
Медициналык беткапчан жүргүнчүлөр аэропорттун каттоо зонасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендештер Кыргызстандын элчилигинин алдына топтошуп чыгышкан. Алардын айрымдары каражатсыз, баш пааналоочу турак жайсыз калганын айтышты.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстан жарандарынын Россиядан мекенге кайтуусу үчүн 17-майга бир каттам болот, аны менен 400 адам учуп кете алат. Бул тууралуу элчилик билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

"Бизге бир эле каттамга уруксат беришти, анда 400 орун болот. Кыргызстанга кайтууну каалагандар көп болгондуктан биринчи кезекте бейтаптар, кош бойлуулар, кары-картаңдар жана бир бала менен атасы же энесине учуп кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет", — дешти дипөкүлчүлүктөн.

Бул учак Бишкектен кайра Россиянын жарандарын алып кетмекчи.

Эскерте кетсек, бүгүн Москвада кыргыз элчилигинин имаратынын алдына 50дөй кыргызстандык Большая Ордынка көчөсүнө чогулуп, мекенине жөнөтүүнү талап кылган. Алардын айрымдары каражатсыз, баш пааналоочу турак жайсыз калганын айтышты.

Эл аралык аэропортунда аэробус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пандемия башталгандан бери чет жактан 9000ден ашуун КР жараны кайтарылды
Россия пандемиядан улам 27-марттан тарта адаттагы жана чартердик рейстерди башка өлкөлөргө учурууну токтоткон. Сырттан элди ташып келген, жүк салынган, гуманитардык же санитардык гана каттамдар аткарылууда.

Кыргызстан чет жактагы жарандарды алып келүү боюнча иштер мүмкүнчүлүккө жараша жасалып жатканын ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков бүгүнкү брифингде билдирген. Ал келерки жумаларда сырттан 1000ге чукул кыргызстандык, анын ичинен Москва шаарынан 402 жаран алып келинерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0