Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровНарын облусундагы Нарын дарыясы тоолордун арасында. Архив
Нарын облусундагы Нарын дарыясы тоолордун арасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. 13-майда Талас менен Баткен облустарынын кээ бир өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй менен Талас жергесинде +26…+31, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +27…+32, Ысык-Көлдө +20…+25 жана Нарында +21…+26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы ордо калаада +29…+31 , Ошто +30…+32 градуска дейре жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0