Боронов: ишкерлерге бардык уруксат документтери тоскоолдуксуз берилсин

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-майдан тарта өлкөнүн айрым аймактарында жарыяланган өзгөчө абал режими соңуна чыгып, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн  уруксат берүүчү бардык документтер ыкчам жана кошумча текшерүүсүз берилиши керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Боронов коомчулук тараптан жарандардын Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалым каты боюнча көп суроолор берилип жатканын айтты.

“Салык органдарында экономиканын ар кыл тармактарында иш алып барган компаниялар боюнча маалымат базасы бар. Маалым кат кандайдыр бир карыздарга карабастан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Болгону карантин маалында иштөөгө уруксат берилген тизмеге ылайык келиши керек. Ал эми патенти барларга иштеген жеринен маалым кат алуунун, аны салык органдарынан күбөлөндүрүүнүн кажети жок. Болгону алардын ишмердүүлүгү уруксат берилген тизмеге дал келиши керек", — деди Боронов.

Штаб жыйынында жакынкы күндөрү жарандардын кайрылуулары электрондук форматта каралары белгиленди.

Эске салсак, 11-майдан тарта өлкөнүн айрым аймактарында жарыяланган өзгөчө абал режими соңуна чыгып, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0