Министрлик: коронавирус боюнча тенденция төмөндөй баштады

© REUTERS / David W CernyТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, 11-апрель күнү өлкө боюнча 41 киши, 12-апрелде 38 киши COVID-19га кабылган. Ал эми акыркы сутканын ичинде Кыргызстан боюнча 21 адамга вирус жукту.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун тарашы боюнча тенденция ылдыйлап бара жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны боюнча жогорку көрсөткүчтөр 5-20-апрель күндөрүнө туура келген. Анын ичинде 11-12-апрелде эң көп кишиге жуккан. Учурдагы эпидемиологиялык абалдын динамикасы боюнча айтсак, тенденция ылдыйлап бара жатат”, — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 11-апрель күнү өлкө боюнча 41 киши, 12-апрелде 38 киши COVID-19га кабылган. Ал эми акыркы сутканын ичинде Кыргызстан боюнча 21 адамда вирус жукканы маалым болду

Коронавирустун кесепети

Оорукананын реанимация бөлүмүндө дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы төрөт үйүнүн 6 кызматкеринен коронавирус аныкталды
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1037ге жетип, анын ичинен 709и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0