Кыргызстанда коронавирустан 21 бейтап айыкты. Жалпы саны 709 болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медициналык кызматкер. Архив
Ооруканадагы медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада айыккандардын 12си Бишкектен, үчөө Ош шаарынан, үчөө Ош облусунан, экөө Нарындан, бирөө Жалал-Абад облусунан.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 21 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, сакайгандардын саны 709га жетти.

"Айыккандардын 12си Бишкектен, үчөө Ош шаарынан, үчөө Ош облусунан, экөө Нарындан, бирөө Жалал-Абад облусунан", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус 1037 адамдан аныкталды. Анын ичинен 709у айыгып, 12си көз жумду.

Коронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгү - Sputnik Кыргызстан
Бирөө Дубайдан, экөө Россиядан келген. Бүгүн дагы 21 адамдан коронавирус чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0