Бирөө Дубайдан, экөө Россиядан келген. Бүгүн дагы 21 адамдан коронавирус чыкты

© AP Photo / Francisco SecoКоронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгү
Коронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээтен баштап айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими алынып, ушу тапта өлкө өзгөчө кырдаал режиминде жашап жатат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн дагы 21 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын 10у Бишкекте болсо, бирөө Чүйдө, үчөө Жалал-Абадда, жетөө Нарын обулусунда. 21 кишинин экөө Россиядан, бирөө Дубайдан келген", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1037 болду.

Өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0