Үй-бүлөбүздө 9 ардагер болгон! ЕЭК департаментинин башчысы Турусбековдун баяны

Жазылуу
Евразия экономикалык комиссиясынын протокол жана уюштурууну камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков Sputnik агенттигинин "Фронт жаңырыгы" долбооруна катышты.

"Фронт жаңырыгы" — Sputnik агенттигинин пресс-борборлорунун салттуу долбоору. Улуу Жеңиш күнүн утурлай Sputnik редакциясынын Кыргызстандагы, Казакстан, Белоруссия, Абхазия, Армения, Молдова, Грузия, Азербайжан жана Түштүк Осетиядагы агенттиктери согуштун каармандарынын тарыхын жарыялайт. Алар тууралуу урпактары же жакындары баяндамакчы.

"Менин чоң атам Сагындык Турусбеков тылдын эмгек сиңирген жумушчусу болгон. Партия аны фронтко кетирген эмес, себеби согуш башталганда Араван райондук партия комитетинин биринчи катчысы болгон. Бирок ал өзү Сталинградга азык-түлүк, кийим-кечек жүгүн эки жолу коштоп барып, кайтканда жарадар болгондорду Кыргыз ССРине ала келген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги эмгеги үчүн орден жана медалдар менен сыйланган", — деди башчы.

Анын чоң атасынын агасы Жунуш Турусбеков Берлинге чейин барып согушуп, жарадар болгон. Ал 167-аткычтар полкунда кызмат өтөп, бир катар медалдарга ээ болгон.

Аялынын каты жоокерди өлүмдөн алып калганын Светлана Назаренко баяндады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Аялынын каты жоокерди өлүмдөн алып калганын Светлана Назаренко баяндады. Видео
"Мукан Турусбеков биздин үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин сыймыгы. Ал Батыш фронттун Ростовдогу 10-согуштук авиациялык корпусунда кызмат өтөгөн. Ал станцияны техникалык жактан мыкты коштогону үчүн душмандын төрт учагы атып түшүрүлүп, аскердик даярдыгы үчүн медалга татыган. Ошондой эле Кавказды коргогондугу үчүн да медалга ээ болгон", — деп эскерди.

Кийинчерээк Мукан Турусбеков физика-математика багытына тереңирээк көңүл коюп, физика-математика илимдери боюнча кандидаттык даражасын коргогон биринчи кыргыз болгон. Ал көптөгөн илимий макалалардын автору болуп, беш жыл бою Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Физика-математика институтунун директору кызматын аркалаган.

"Чоң атамдын эң кичүү иниси — Жусуп Турусбеков. Ал учкуч болуптур. Бирок бул биздин үй-бүлөбүз үчүн табышмак, анткени ал жөнүндө маалымат аз жана анын бардык документтери ачык булактарда жарыяланган эмес", — деди департаменттин директору.

Белгилүүсү, ал 722-согуштук авиация корпусунда кызмат өтөп, авиация техниги болгон. Кийинки жылдары биринчи класстагы учкуч, топтун командири, аскерий учкуч милдеттерин аркалаган. Аскердик эмгеги үчүн медаль тагынып, эки жолу Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Турусбековдун апасы тарабында согуштун беш ардагери бар. Баары эркек бир туугандар. Улуусу Юрий Закинов Калинин фронтунда салгылашып, башынан жаракат алган. Каармандыгы үчүн медалга ээ болгон.

Чоң атам согуштан келген, азыр 101 жашта. Министр Бейшеновдун баяны - Sputnik Кыргызстан
Чоң атам согуштан келген, азыр 101 жашта. Министр Бейшеновдун баяны
Кийинки тууганы Илья Закинов медицина кызматынын капитаны, бир нече жоокер менен офицерлердин өмүрүн сактаган. Алардын катарында Советтер Союзунун Баатыры, капитан Александр Бабаев да бар. Кенигсбергди басып алгандыгы үчүн медаль тагынып, эки жолу Кызыл Туу ордени жана каармандыгы үчүн дагы бир медаль тапшырылган.

Михаил Закинов Батыш Буг дарыясындагы салгылашуудагы эрдиги жана кайраттуулугу үчүн Кызыл жылдыз ордени менен сыйланган. Өзү беш аскерди жана фашисттик аскерлердин бир офицерин жок кылган.

"Менин чоң таятам Алексей Закинов Советтик-Финляндиялык согушка катышкан. Бутунан катуу жаракат алып, ак билет алган. Анын бир тууганы Закинов Евдо Ленинград курчоосун баштан кечирген. Биздин баатырларга таазим. Фронттун жоокерлерине жана тылдын жумушчуларына түбөлүк даңк, эмгегиңерди унутпайбыз", — деп сөзүн жыйынтыктады Турусбеков.

Жакынкы чет өлкөлөрдүн "Фронт жаңырыгы" долбоору үй-бүлөлүк окуяларды баяндоо менен бейпил жашоонун баасы канчалык экендигин эске салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0