Борбор калаада коронавирустун 98 очогу бар

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOӨрт өчүргүчтөр базардын айланасындагы көчөлөргө дезинфекциялоочу каражаттарды чачып жатышат. Архив
Өрт өчүргүчтөр базардын айланасындагы көчөлөргө дезинфекциялоочу каражаттарды чачып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада 272 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен 37си башка жактан келгендер.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкек шаарында коронавирустун 98 очогу бар экенин мэр Азиз Суракматов билдирди.

Ал эми 272 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен башка жактан келгендер 37 болсо, жергиликтүү тургундар 235 болду. Булардын арасында 79 медик, 56 ИИМ кызматкери бар.

“Вирустун симптомдору байкалса, 118 номерине телефон аркылуу кайрылууну суранабыз. Шаарда медиктердин жана санитардык врачтардын 40 мобилдик тобу иштейт. Алар чакыруу боюнча барып, анализ алышат”, — деди Суракматов.

Ошондой эле ал муктаждарга азык-түлүк жардамын берүү улантыла турганын кошумчалады. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча райондук акимдер, мэриядан аппарат жетекчи Балбак Түлөбаев жооп берет.

Жалпысынан 10-майга карата азык-түлүк топтомдору 93 миң үй-бүлөгө же 250 миң жаранга берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0