Өзгөчө кырдаал тартибин бузгандарга салынчу айыптын суммасы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКурчалган аянтта милиция кызматкери. Архив
Курчалган аянтта милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-майдан тарта Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими аяктап, өзгөчө кырдаал режими уланууда.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифингде өзгөчө кырдаал учурунда борбор калаанын аймагында тартип бузгандарга кандай айып салынарын айтып берди.

Эске салсак, 11-майдан тарта Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими аяктап, өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Административдик жоопкерчилик:

  • Өзгөчө кырдаал режими учурунда тартип бузгандарга айып пул — 5-17 миң сом;
  • Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана тазалык нормаларын сактабагандарга — 1-27 миң сом;
  • Ыйгарым укуктуу органдардын талабын же чечимин аткарбагандарга — 3-13 миң сом.

Кылмыш жоопкерчилиги:

  • Өзгөчө кырдаал режимин бузгандарга — 15-60 миң сом;
  • Карантиндик чектөөлөрдү сактабагандар — 30-60 миң сом.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр Суракматов: Бишкекте бет кап тагынбагандарга 5000 сомго чейин айып салынат
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0