Маршруттук кагаз керек. Бишкекте көчөгө чыгуунун шарты айтылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги көчөлөрдүн кесилишинин бири. Архив
Бишкектеги көчөлөрдүн кесилишинин бири. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карантин кирген аймактарда өзгөчө абалда иштеген коменданттын укуктары жергиликтүү бийликтин башчыларына өтөт.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Республикалык штаб өзгөчө кырдаал учурунда жарандардын Бишкек шаарына кирүүсүнө уруксат бере турган документтер тууралуу түшүндүрмө берди.

Ага ылайык төмөнкүдөй талаптар коюлган:

  • Ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген жарандар карантин учурунда жүйөлүү себептер менен шаар ичинде жүрө турган болсо, маршруттук баракча толтуруп чыгышы керек;
  • Мурдагыдай эле азык-түлүк дүкөндөрүнө, дарыканага, медициналык мекемелерге гана баруу үчүн көчөгө чыгууга уруксат берилет. Анда дагы өздүгүн тактоочу документи, маршруттук кагазы жанында болушу шарт;
  • Ишин жандантууга уруксат берилген тармактардын кызматкерлери иштеген жеринен жана Салык кызматынын райондук башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалым кат алышы зарыл. Адамдар көп чогулбашы үчүн Салык инспекциясына мекеменин жетекчилери же бухгалтерлери гана баруусу сунушталат;
  • Жеке ишкерлер патенттин негизинде гана жүрө алат;
  • 13-майга чейин ишмердүүлүгүнө уруксат берилген тармакта иштегендер маалым кат алып, тиешелүү мөөр койдуруп бүтүшү керек.

Туристтик агенттиктин кассасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
11-майдан тарта ишке кире турган ишканалардын тизмеси
Белгилей кетсек, 11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды.

Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет. Башкача айтканда, өзгөчө абалда иштеген коменданттын укуктары жергиликтүү бийликтин башчыларына өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0