Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровКырчын жайлоосунда тоолор. Архив
Кырчын жайлоосунда тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин айтымында, дүйшөмбүдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 11-майда, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +18...+23 жана Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болору болжолдонду.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +24...+26, Ошто +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0