Элчилик: Соль-Илецкидеги кыргызстандыктар лагерге барбагандыктан чатыр тигип бердик

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүРоссиядагы мигранттар. Архив
Россиядагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктардын айрым бир тобу Оренбург бийлиги даярдап берген лагерге баруудан баш тартканы айтылат. Мындан улам алар жайгашкан талаага 240 орундуу чатыр тигип, биоажаткана коюп беришкен.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Россия менен Казакстандын чегиндеги Соль-Илецк шаарында турган кыргызстандыктар жатаканага баруудан баш тартты. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин штабы билдирди.

Штаб талаада жаткан видеодогу жарандар аба каттамдары токтотулганына байланыштуу Москвадан кете албай калгандар экенин билдирди. Алар элчилик жана кыргыз диаспораларынын көмөгү менен Москвадагы Купавна хостелине акысыз жайгаштырылып, тамак-аш, медициналык кызматтар менен камсыздалганы айтылат. Ал жакта бир ай жатышкан, мындай шарттар майдын аягына чейин түзүлгөн.

"Мекендештер штабдын расмий маалыматын укпай, айрым саясатчы, укук коргоочу сөрөйлөрдүн "орус-казак чек арасынан өткөрөм" дегенине ишенип алышкан. Айтканга көнбөй өз алдынча автобус жалдап, Москвадан чыгып чек арага барып алышкан. Бирок автобус менен таксинин айдоочулары Бузулук районуна чейин жеткирип таштап койгон. Андан ары жөө кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин штабынан кырдаалды билип туруп социалдык тармакка алардын видеолорун чыгарып, өзүнүн кылыгына кыргыз өкмөтүн күнөөлөп жаткандарына өкүнүп турганын белгилешти. Аны менен катар оорулуулардын, кош бойлуу аялдардын саламаттыгына ошол топту уюштурган лидерлер жооптуу болору эскертилди.

"Мындай аракеттер бүт кыргыз элинин бетине көө жабарын түшүнбөй, өздөрүн ушундай жагдайга кептеп алганын белгилейбиз. Ошентсе да элчилик Оренбург облусунун өкмөтүнө кайрылып, жарандарга убактылуу жатакана, тамак-аш менен камсыздап берүүнү суранган. Буга макул болуп, Бузулук районундагы балдар эс алуу лагерине Казакстан менен чек ара ачылганга чейин жайгаштырууга макулдугун берген", — деп белгилейт элчиликтин штабы.

Бирок мекендештердин айрым бир тобу ал лагерге да баруудан баш тартканы айтылат. Мындан улам талаага 240 орундуу чатыр тигилип (керебети менен), биоажаткана коюлган. Бул да Оренбург бийлиги тарабынын акысыз  жасалган. Учурда тамак-аш менен камсыздоо маселеси чечилүүдө.

Оренбургда турган кыргызстандыктар Бишкекке алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Оренбургда турган 541 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Сүрөт
"Тилекке каршы, Москвадан барып талаада жаткан 70 жарандын жатаканадан баш тартканына байланыштуу Соль-Илецкиден Бузулуктагы лагерге алып келинген жарандарды (автоунааларын калтыруудан баш тартып автобус менен кетпей койгондор) дагы чатырга жайгаштырууга туура келди. Мунун натыйжасында 170 кыргызстандык учурда  чатырда ", — деп жазылган маалыматта.

Соңунда элчилик жана кыргыз диаспораларынын кызматкерлери санынын аздыгына, каражаттын ченелүү болгонуна карабай күнү-түнү иштеп, мекендештердин көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып жатканы белгиленди. Ошол эле учурда элчилик мекендештерге кайрылып, бүт эрежелерди сактоого жана өз алдынча чек арага барып албоого чакырды.

Белгилей кетсек, 7-майда бир айдан ашык убакыттан бери Соль-Илецкиде турган 541 кыргызстандык автобус менен Бишкекке алып келинген. Автоунаасын калтыруудан баш тарткан 100гө чукул жаран ошол жерде кала берген. Ал жактан келгендердин ичинен 55 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен катар эле алардын бир нечеси карантин тартибине баш ийбей, качып чыгууга аракет кылганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0