"Каматабыз" деп коркуткан. Мигрант келинге боор ооруган полициянын ак жарыгы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКыз шаарда бара жатат. Архив
Кыз шаарда бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Бул ирет Sputnik агенттигинин "Ак жарык" рубрикасына Россияда мигрант болуп жүргөн келиндин полиция кызматкерине болгон ыраазычылык каты жарыяланат.

...Мен азыр Россиянын Санкт-Петербург шаарында жолдошум менен мигрант катары иштеп жүрөм. Кыргызстандан кеткенибизге беш жыл болду. Бирөөнүн элинде, жеринде ар кандай окуялар баштан өтөт экен.

Бирок мага да кол сунган адамдар болду. Ошондой окуялардын бири менен бөлүшкүм келет. Алгач окуяны баштан-аяк айтып берейин. Бир эсе менин баяным кай бир мигранттарга сабак болор.

Алгач тамактануучу жайдын кассасында иштечүмүн. Кийинчерээк кафенин ээси славян тектүү адамдарды гана алабыз дегенинен кетүүгө тура келди.

Андан кийин башка ресторанга бир жылдык келишим менен улук кызматкер болуп жумушка кирип калдым. Алгач баары жакшы башталды, жан дилим менен иштеп жумушумду так аткарып, менеджердин жумушуна чейин жасап жүрдүм. Анткени анын түшкө чейин университетте окуусу бар болчу.

Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан
Бар-жогун да билбейм... Ажалдан алып калган бейтааныш адамдын ак жарыгы
Мен барганда Ильяз деген кыргыз бала иштечү экен, ал жумуштан кетерде 20 миң рубль айлыгын бербей коюшту. Ал да унчукпай эле кетип калды. Мен да кирише алган жокмун.

Менеджерге жардам берүү менен кассадагы иштерди да аткарып, кызматкерлерди да тейлеп, баарын көзөмөлдөп, күнүнө түшкөн акчаны эсептеп, башкаруучулар жокто сейфке салып койчумун. Бул да милдетиме кирчү. Сейфтин бир ачкычын мага беришкен. Бардык жакта камералар иштеп турат. Көзөмөл күч.

Ресторанда төрт-беш ай иштегенден кийин жетекчиликтин мага мамилеси өзгөрүп, эки менеджердин тең жумушун жасатып, ашыкча милдет жүктөй баштады. Өз жумушумду эле аткарышым керек экендигин айтып, мен да укугумду талашып, принципке туруп каршы болдум.

Ошол убактарда жаңы келген жөнөкөй кызматкерлер бир нерсени сындырып же туура эмес жасап алса, кеткен чыгымдын баарын менин мойнума айып пул катары жаза башташты. Мурда мындай эмес болчу. Ар ким өзү жооп берчү.

"Жок, мен төлөй албайм. Эмнеге бирөөнүн катасы үчүн акча төлөшүм керек. Эгер минте берсеңер айлыгымды бергиле, кетем", - деп мен да көгөрүп туруп алдым. Ушундан улам жетекчилик менен уруша кетип, менеджер менен башкаруучу экөөлөп мени коркута баштады.

"Эгер кете турган болсоң, ала турган маянаңдан бир тыйын карматпайбыз. Сейфтин бир ачкычы сенде болчу. Камералар өчүп калганда акча уурдаган деген арыз менен бир заматта эле түрмөгө отургузуп коёбуз", — деп опузага алышты.

Айла жок, унчуга албай калдым. Биз урушуп баштаганда диктофонумду күйгүзүп койбой деп ичимен өкүндүм. Камерадагы жазууну өчүрүп, арыз жазып туруп отургузуп коюшу толук мүмкүн эле. Анткени бөтөн жерде мага ким ишенет? Мени ким тааныйт? Анын үстүнө бул жактан далай тагдырларды көрдүм.

Бирок акчаны албай да кете албайт элем. Батирдин акчасын төлөп, жумуш таап, маяна алгыча чыдашым керек да. Акыры 15 күн бекер иштеп берип, айлыгымды алууга макулдаштым. Ал күндөр деле өттү. Дагы деле ар кайсы шылтоо менен акчамды беришкен жок. Ошентип дагы он күн футболдун тобундай ары-бери тепкилендим.

"Кафеден чыктым деп арызыңды жазып келсең, анан беребиз" деп алдашканына көнгөн жокмун. Себеби жумуштан кетүүгө арыз жазсам эле "бул акчасын алган, догурунуп жатат" деп такыр бербей коюшмак. Мага чейин катардагы канча кызматкердин акчасын ошентип бербей коюшуп, менеджерлер өз чөнтөгүнө салып койгонун көрчүмүн.

Иши кылып акыркы барганымда мени тоготуп да коюшкан жок, басып кетишти.

Бут кийимди оңдоо ишкер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эски чемодандан бут кийим тиктирген заман. Ошондогу мугалимиме алкыш
Кычыраган кыш эле. Эшик суук. Сыртка чыгып "эмне кылсам" деп туруп ачуум менен дароо 102ге чалдым. Диспетчерге абалымды түшүндүрсөм, аял киши экен "азыр патруль барат, күтүп туруңуз" деди. Жарым сааттан ашык эшикте туруп тоңуп калдым. Жолдошумдун да жумушу токтоп калган. Кыргызстандагы кызымды эстедим. Темселеп суук шаарда кайырчыдай түрткүлөнүп, иштеген акчамды ала албай жатканыма ызаландым. Көзүмдүн жашын улам сүртүп, аялдамада турдум. Анан эле карасам, полициянын машинасы келип токтоп, ичиндеги экөө ресторанды көздөй басышты. Артынан чуркап барып аларды ресторандын оозунан токтотуп калдым.

"Силерди мен чакыргам. Кыргызстандын жаранымын. Акчамды бербей жатышат. Буга чейин бир топ кызматкерлердин акчасын ушинтип бербей, менеджерлер өз чөнтөгүнө салып койчу. Ошол кызматкерлердин баарын чогултуп үстүңөрдөн мен да арыз жазам, акчаны бергиле десем, "сейфтен акча уурдаган деген жалаа менен түрмөгө отургузабыз" деп коркутуп жатышат", — деп абалымды энтигип түшүндүрүп жаттым.

Эки полицейдин бирөө "жүрүңүз" деп ичкери киргизди. Алар менеджерлерди чакырып, сурамжылоо башталды. Полиция келгенде кызматкерлер тияк-биякка чалып, тызылдап эле калышты. Ал тургай мени тоготпой жаткан менеджер, администратор, башкаруучунун апкаарып турганы билинип турду. Өзгөчө мени коркуткан улук менеджер кызарып-татарып жаман болду.

"Жок, андай болгон эмес" деп танып, полицейлерди алдап, мага көө жаап киргенде кайрадан баарын баштан-аяк айтып, "сиз арыз жазам" деп коркуткансыз деп бетине коюп бердим.

Полициянын бири мага жан тартып, абалымды түшүнүп, тигилерди аябай коркутуп койду. Документтеримди да алып берди.

Анан мага бир катар кагаз толтуртумуш болгон ошол укук коргоо кызматкери кетип жатып эшикке чыкканда мага дарегин, телефонун таштады.

В Сочи возобновили работу продовольственные рынки - Sputnik Кыргызстан
Ошондогу помидордун ширини ай!.. Талгагынан улам дос тапкан келиндин ак жарыгы
"Биз сиздин абалыңызды түшүнүп эле буларды коркутуп койдук. Болбосо 4-5 айлап берилбей жаткан маяналарды гана карайбыз. Сиз Эмгек инспекциясына кайрылышыңыз керек болчу. Азыр акчаңызды санап берет. Эгер бербесе мага чалыңыз, мен сизди инспекцияга жөнөтүп маянаңызды алышыңызга көмөк көрсөтөм", - деп кетти. Мен да кадимкидей шерденип, абалымды сураарым бардай кубанып калдым.

Ошентип маянамды санатып толук 40 миң рубль алгам.

Мага жан тарткан боорукер полиция кызматкерине ыраазымын. Болбосо документимди бербей же каматып салышса деле тагдырым эмне болмок?

Айтарым, мигранттар да барган мамлекетинин мыйзамын билүүсү керек. Болбосо кыйналып калат. Бир жумушка кирип, ал жактан айлыгын ала албай экинчисине кирип, андан да куру жалак талаада калган мекендештер дүйнөнүн ар бурчунда көп эле болсо керек.

Ошол окуя мага сабак болду. Ыраазымын сизге, боорукер адам!

Жаңылыктар түрмөгү
0