Алма жеп көрбөгөн "автомат" акын. Жеңишбек Жумакадыр тууралуу 6 факты

© Фото / предоставлено Женишбеком ЖумакадыромАкын Женишбек Жумакадыр
Акын Женишбек Жумакадыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадырдын туулган күнү. Алдына эч кимди салдырбаган ак таңдай акын, көптөгөн кыргыз-казак маданий иш-чараларынын көркүн ачкан инсан 43 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги акынды туулган күнү менен куттуктап, ал жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Атадан эрте ажыраган. Жеңишбек Жумакадыр 1977-жылы 9-майда Нарын районундагы Эмгекчил айылында жарык дүйнөгө келген. Жети жашында атасынан ажырап, устачылык менен алектенген чоң атасынын колунда тарбияланган. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде эле ыр жазып, ийримдерге катышып чыгармачылыкка жакын өскөн. 9-классты аяктагандан кийин үйүндөгүлөр Нарын шаарындагы кесиптик-техникалык училищеге алып келип тапшырткан. 

© Фото / из семейного архива Женишбека ЖумакадыраАйтылуу төкмө Майра Керим кызы жана жаш акын Жеңишбек Жумакадыр
Алма жеп көрбөгөн автомат акын. Жеңишбек Жумакадыр тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Айтылуу төкмө Майра Керим кызы жана жаш акын Жеңишбек Жумакадыр

15 жашында эле театрда иштеп. Жаш студент Нарындагы театрда иштеген Табылды Актанов, Күмөндөр Абылов, Керезбек Тургуналиевге суктанып жүрүп аталган жайга барган. Аларга ырдап берип, актёрдук өнөрүн көргөзүп театрга жумушка алынган. Ошентип 15 башында СССРдин эл артисти Капар Медетбеков, КРдин эр артисттери Сейитказы Андабеков, Бакирдин Алиев өңдүү залкарлардан таалим алып, аймактарга гастролго чыга баштайт. 

© Фото / из семейного архива Женишбека ЖумакадыраАк таңдай акын устаты Ашыраалы Айталиев менен
Алма жеп көрбөгөн автомат акын. Жеңишбек Жумакадыр тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Ак таңдай акын устаты Ашыраалы Айталиев менен

Залкарлардын шакирти. Болочоктогу атактуу ак таңдай акындын төкмөлүк өнөрүн алгач сахналаштары сынакта байкап калып, аны уккан театр жетекчилиги бир айдан соң Жеңишбекти борбор калаага айтышка жөнөтөт. Анда жаш талант тушоосу кесилген жарышта эле баш байгеге ээ болот. Кийинки сынактарда да байгелүү орундарга татып, төкмөлөрдүн арасында комузу жок ырдаган жөө акын катары бат эле таанылган. Чыгармачылыгында Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаевден сабак алып, устат тутуп, кийинчерээк эл алдына комуз менен чыга баштаган. 

© Фото / предоставлено Женишбеком ЖумакадыромЖеңишбек Жумакадыр эмгек жолунда Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Идирис Айтибаев сыяктуу бир топ акынга устат болду
Алма жеп көрбөгөн автомат акын. Жеңишбек Жумакадыр тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Жеңишбек Жумакадыр эмгек жолунда Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Идирис Айтибаев сыяктуу бир топ акынга устат болду

"Автомат" акын. Бир топ кыргыз-казак айтыштарынын жеңүүчүсү азыркы акындардын көбүн алдына чыгарбайт. Тубаса талант ээси 27 жылдан бери сахнада курч сөзү, сатиралуу тамашасы жана кеменгерлиги менен калайык калктын купулуна толуп, "автомат" ылакап атка конгон. Анан Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Идирис Айтибаев сыяктуу бир топ акынды таптаган. КРдин эмгек сиңирген артисти Москвадагы Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайын 2001-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Андыктан актёрлук өнөрү да күч. 

© Фото / Суйун ОткеевТөкмө акын 15 жашынан баштап театрда иштеп, 17 жашында үй-бүлө курган
Алма жеп көрбөгөн автомат акын. Жеңишбек Жумакадыр тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын 15 жашынан баштап театрда иштеп, 17 жашында үй-бүлө курган

30га жакын өкүл баласы бар. Жеңишбек Жумакадыр 17 жашында үй-бүлө куруп, болочоктогу келинчеги менен үч күндөй эле сүйлөшүп баш кошкон. Жубайлар үч кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн. Улуу кызы Таласка турмушка чыккан. Мындан сырткары 30га жакын жаш түгөйдүн өкүл атасы. 

© Фото / из семейного архива Женишбека ЖумакадыраКРдин эмгек сиңирген артисти жубайы менен үч кыз, эки уулду тарбиялап келет
Алма жеп көрбөгөн автомат акын. Жеңишбек Жумакадыр тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти жубайы менен үч кыз, эки уулду тарбиялап келет

Сергек жашоо мүнөзүн... Төкмө акын жаштайынан спортко жакын өскөн. Мектепте, жогорку окуу жайда билим алган кезинде көп мушташка жакын болгондугун жашырбайт. Москвада окуп жүргөндө таэквондо менен машыгып калса, азыр өз алдынча машыгуу менен гана алектенет. Эң кызыгы, акын өмүрүндө бир да алма жеп көргөн эмес, жей албайт дагы экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0