Өзүмдөн улуу келин менен жашаарымды ата-энем билбейт. Жигиттин каты

© Фото / Pixabay / Scott WebbПисьмо к психологу
Письмо к психологу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул жолу өзүнөн улуу аялдын үстүнө кирип алган жигиттин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы? Турмуштан адашып кетип, андан кантип чыгышты билбей жатам.

Жашым 31де. Айылда чоңоюп, мектепти бүткөндөн кийин элдин балдарынан калбай шаарга келдим. Бирок окууга тапшырган жокмун. Үйдүн улуу баласы болгондуктан, келерим менен иштедим.

Диванда жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аял болгондон кийин эркектин жытын сагынат экенсиң... Жесир келиндин каты
Башында базарда жүк ташып жүрүп, кийин жумуштан кичине көтөрүлдүм. Ошентип шаардын жашоосуна аралашып, ата-энеме акча сала баштадым. Калаада күн кандай өткөнү билинбейт эмеспи. Тапканым батириме, баскан-турганыма кетчү. Ашыгын айылга, ата-энеме жиберчүмүн. Үч жылдан кийин дагы бир иним мектепти бүтүп келди. Аны окууга өткөрүп, акысын төлөй баштадым. Андан кийин "үйлөнгүчө айылдагы үйдү бир сыйра ремонт кылайын" деп ата-энеме акча салып жатып билинбей он жыл өтүп кетти. Жаш өткөн сайын оңой менен кыз жактырбай калат экенсиң. 24кө чыкканда бир кыз менен сүйлөшкөм, бирок ал бардар жердин кызы болчу. Ал убакта шарт жок болгондуктан үйлөнбөй койгом. Ошону менен бойдокчулук көпкө узарып кетти.

30га чыкканда дүкөндөргө товар ташып иштеп калдым. Ошол учурда шаарда дүкөн иштеткен бир эже менен мамилебиз жакындап кетти. Ал менден 10 жаштай улуу. Эки баласы бар, жолдошу менен ажырашып кетиптир. Кантип ага жакындап кеткенимди да билбей калдым. Кылган мамилеси үчүн аны жактырып калдым. Экөөбүздүн жарандык никеде жашап жатканыбызга алты айга чукулдады. Жакындарыман эч ким билбейт. Айылда болсо атам менен апам "качан үйлөнөсүң" дей берип тилдери тешилди. Мен болсо аларга "ажырашкан аял менен жашап жатам" деп кантип айтам? Апам аны укса чалкасынан кетерин билип турам. Менин үйлөнгөнгө каалоом жок. Чогуу жашап жаткан келин деле ата-энем каршы чыгарын билет, жакшы эле түшүнөт. Бирок бири-бирибизден ажырай албай жатабыз.

Эмне деген туңгуюкка кирип кеткенимди өзүм да түшүнбөй калдым. Албетте, ата-энемди санаага салгым келбейт. Бирок жан дүйнөм менен да күрөшө албай кыжаалатмын. Эмне кылсам, апама ачыгын эле айтсамбы? Ал келин абдан түшүнүктүү адам. Бирок жакындарым кабыл алабы? Башка кызды кайдан табам? Аны сүйбөсөм кантип бактылуу кылам? Иши кылып суроо толтура. Баарын түшүнүп, билип турсам да, бир чечимге келе албай кыйналдым.

Нуриза Батырбекова, психолог:

— Ар бир адам жашоосун кайсы учур болбосун өзгөртө алат. Үй-бүлө куруу жашоодогу эң маанилүү кадамдардын бири. Кайрылган адамдын ойлору өтө көп экени катында байкалып турат. Жарандык никеде жашап жаткандын өзү эле үй-бүлө курулгандан кабар берет.

Алгач өзүңүзгө "азыр жашап жаткан келин мага чын эле жагабы, аны менен өмүр бою жашаганга даярмынбы, чындап эле сүйөмбү же, балким, анын алдында милдеттүүмүн деп ойлоймунбу?" деген суроолорду берип көрүңүз.

Киши шаардын көчөсүнөн бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир басып келбеген атам эми жанымды койбой жатат. Ызаланган жигиттин каты
Ушул суроолордун жообуна жараша кийинки кадамдарга өтөсүз. Эгер аны чындап жакшы көрүп, ал үчүн көп нерсеге даяр болсоңуз, балдарын кароого чейинки жоопкерчиликти мойнуңузга ала турган болсоңуз, анда тоскоолдуктарды жеңе аласыз. Эгер анын алдында милдеттүү адамдай эле жүрүп же башка ойлор болсо, анда бул мамилеге азыр чекит коюш керек деп эсептейм.

Ар бир эне баласына жакшы нерселерди каалайт. Эгер апаңызга "бул адамды чындап жакшы көрөм, бул адам менен өзүмдү бактылуу сезем, балдарын татыктуу тарбиялаган эркек болуп берем" деп айтып, жоопкерчиликти алсаңыз, анда ата-эне, бир туугандар деле колдосо керек.

Үй-бүлө куруу эки адамдын чечими. Жоопкерчилик да эки адамдын мойнунда болушу зарыл. Ошондуктан ата-эне, жакындарга айтардан мурда азыркы жашап жаткан аял менен бирге жашоону ийне-жибине чейин акылдашып алган оң. Анын да ой-пикирин билүү маанилүү.

Баса, тиги келин менен алты ай жашаптырсыз. Ошол мөөнөттөгү жашоого да саресеп салуу керек. Ал жашоо кандай болду? Ортодо келишпестиктер болгон жокпу? Мунун баарын эске алганыңыз туура деп ойлойм. Эгер ал жашоо жакпаса, анда аны азыр токтотуңуз.

Психологияда дагы бир жакшы ыкма бар. Ал "өзүнө-өзү кат жазуу" деп аталат. "Мен беш жылдан кийин жашоомду кандай элестетем, кайсы адамдар баалуу, кимдер жанымда болушу керек, эмнеге умтулам" деп кат жазып көрүңүз дагы аны эки-үч сааттан кийин же эки-үч күндөн кийин окуп көрүңүз. Бул ыкма да абалдан чыгууга жардам берет. Адиске кайрылып көрүүнү да сунуштайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0