Ат-Башы: коронавируска текшерүүдөн тажаган эл нааразылык акцияга чыгышты

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг продавцов рынка "Дыйкан" у здания Жогорку Кенеша
Митинг продавцов рынка Дыйкан у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башы районунун акиминин айтымында, Ача-Кайыңды айылында коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик бардыгы айыгып калганда, жамандыкка Бишкектен барган төрт кишиден COVID-19 табылган.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бүгүн, 9-майда, Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылынын тургундары коронавируска байланыштуу нааразычылык акциясын уюштурушту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургундар кабарлады.

Чогулган элдин видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылга коюлган блокпосттор чарба иштерин бүтүрүүгө тоскоолдук жаратууда.

"Айылдагылардын нааразы болгону — коронавирус эмнегедир биздин айылдан эле чыгып жатат. Коронавирус табылган адам менен байланышта болгон-болбогондун баарынан анализ алып, ооруканага жаткырышууда. Блокпосттор да алынбай айыл чарба иштерине тоскоолдук жаратууда", — деди атын атоодон баш тарткан айыл тургуну.

Ача-Кайыңдыда эл чогулуп, жыйналыш өткөнүн Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров тастыктап, нааразы болгон тургундар менен жолукканын билдирди.

Анын айтымында, нааразычылык акциясына 50-60тай киши чогулган, бирок жыйналыш көпкө созулган эмес, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин тарап кетишкен.

Лабораторияда киши коопсуз бет капчан коронавирус тест өткөн учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чаткалдагы коронавирус чыры. Дарыгер менен тургун бири-бирин айыптап арыз жазышты
"Ача-Кайыңды айылында 30дан ашуун кишиден коронавирус табылган. Бирок көбү айыгып чыккандан кийин бул айылда бир адам каза болуп, ага Бишкектен кыздар-балдары болуп сегиз киши келишкен. Сегизинин бири Нарындан барыптыр. Кийин ал адамдан коронавирус чыгат. Мындан улам аны менен байланышта болгондорду да текшергенде Бишкектен келген үчөөнөн COVID-19 чыккан. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн анализи таза деп көрсөткөн. Жамандыкта бул үйдө 20дай киши жүрүптүр. Мындан улам бейтаптар менен байланышта болгондун баарына мобилдик топтор барып, үймө-үй кыдырып анализ алышкан. Ошол себептен жергиликтүү тургундар "баарыбыздан анализ алып жатышат" деп ызы-чууга түшүүдө. Баарына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Чогулушта айылдагы блокпостторду алып бергиле деп суранышты. Өзгөчө абал 11-майда бүтөрүн айтып, ага чейин тартипти сактап берүүсүн өтүндүк", — деди Сатаров.

Сатаров Ача-Кайыңдыдагы коронавирус жуктургандардын көбү айыгып чыкканын айтып, учурда ооруканада аталган айылдан төрт бейтап дарыланып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Ат-Башы району өлкөдө коронавирус көп катталып жаткан аймак болду. Аталган аймакта 76 адамдан коронавирус табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0