Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү, кырдаал салыштырмалуу туруктуу

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Максат Лейлекского района Баткенской области
Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда үч жоокер жаракат алган. Бүгүн Баткен облусуна Чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев жөнөп кетти.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бүгүн, 9-май, саат 8.30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түн тынч өткөн. Эки тараптан тең чыр-чатак чыккан аймактагы кошумча күчтөрү алынды.

Баткен облусуна Чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев жөнөп кеткен.

Баткендеги окуя

Эске сала кетсек, кечээ, 8-майда, кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Мобилизациялык окууларда Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы: тараптар кошумча күчтөрүн чыгарып кетүүнү макулдашты
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Көп өтпөй эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын жетекчилери телефондон сүйлөшүп, натыйжада ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашышкан. Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы жаракат алган.

Окуя боюнча эки өлкөнүн ТИМ башчылары, вице-премьерлери, облустагы өкүлдөрү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, бир пикирге келишкен. 10-майда бир катар жооптуу кызматтын жетекчилери кайрадан жолукмай болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0