Вице-премьер Мадумаров: Баткендеги кырдаал өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө

Жазылуу
Акрамов укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликке коопсуздук чараларын күчөтүүнү, чек арага чектеш айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьерлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброхим  кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу кырдаалды жөнгө салууну сүйлөшүштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын жүрүшүндө кырдаалдын курчушун алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алууга байланыштуу маселелер талкууланган.

Тараптар ок атуучу курал колдонууга жол берилбестигин белгилешип, чек ара аймагындагы чыңалууну басаңдатуу үчүн зарыл чараларды көрүү маанилүү экендигин билдиришкен.

"Тараптар буга чейинки келишимдерге жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамиле жасоого даярдыгын билдиришти. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкө ортосундагы сүйлөшүү процессин улантуунун маанилүүлүгү айтылды", — деген Мадумаров.

Ошондой эле ал Баткен облусундагы кырдаал өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экендигин белгиледи.

Вице-премьер укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик органдарына коопсуздук чараларын күчөтүү, коомдук тартипти сактоо, чек арага чектеш айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды бергени айтылды.

Баткендеги окуя

Эске сала кетсек, бүгүн, 8-майда, кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Аксай (Кыргызстан) жана Мехнатабад (Тажикстан) айылдарынын жанындагы чек арадагы кыргыз-тажик участогундагы байкоо мунарасы - Sputnik Кыргызстан
Баткен жана Согд облусунун башчылары кезигип, чек арадагы абалды талкуулашат
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Кийинчерээк чек ара кызматы ок атышуу токтогонун билдирди. Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0