Кара-Сууда согуштун эки ардагерине автоунаа белекке берилди. Сүрөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКара-Сууда согуштун эки ардагерине автоунаа белекке берилди
Кара-Сууда согуштун эки ардагерине автоунаа белекке берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 75 жыл толот. Белек алган ардагерлердин бири 96, экинчиси 97 жашта.

ОШ, 8-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына жергиликтүү бюджеттин эсебинен "Жигули 07" унаасы белекке берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваВ Кара-Суу ветеранам Великой Отечественной Войны подарили два автомобиля
Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына жергиликтүү бюджеттин эсебинен Жигули 07 унаасы белекке берилди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына жергиликтүү бюджеттин эсебинен "Жигули 07" унаасы белекке берилди
© Sputnik / Зульфия ТургуноваВ Кара-Суу ветеранам Великой Отечественной Войны подарили два автомобиля
Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди
1/2
Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына жергиликтүү бюджеттин эсебинен "Жигули 07" унаасы белекке берилди
2/2
Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, унаа белекке алган ардагерлердин бири 96 жаштагы Мамажан Токтосунов. Кара-Суу районунун Жоош айылында жашайт. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жубайы менен 10 баланы өстүрүп тарбиялаган. Учурда 45 небереси жана 97 чөбөрөсү бар.

Баткен, Талас, Ысык-Көлдөгү ардагерлер сыйланды - Sputnik Кыргызстан
Алды 104кө чыккан. Баткен, Талас, Ысык-Көлдөгү ардагерлер сыйланды. Сүрөттөр
Экинчи ардагер Жаныбай Таштанов 97 жашта. Кара-Суу шаарынын тургуну. Төрт уулду тарбиялап чоңойткон. Кыргыз Республикасынын Даңк медалынын ээси, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Варшава шаарын душмандардан бошоткондугу үчүн да медаль менен сыйланган. Кара-Суу шаарынын ардактуу атуулу.

Ал эми Кара-Кулжа районундагы жалгыз ардагер Сами Кулманбетовго эл өкүлү жана жеке жарандар биргеликте Honda CRV унаасынын ачкычын тапшырган.

Эске сала кетсек, 2019-жылы да Кара-Суу районундагы үч ардагерге унаа тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0