Президент камактагыларга мунапыс жарыялады. Тизмеге кимдер кирет?

Жазылуу
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш. Мыйзам жалпы адам укуктарына урмат көрсөтүү максатында кабыл алынды.

БИШКЕК, 8-май – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган болчу.

“Мыйзам жалпы кабыл алынган адам укуктарына жана эркиндиктерине урмат көрсөтүү менен, гуманизм жана боорукердик принциптерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган”, — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жазадан төмөндөгүлөр бошотулат:

60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдар;

  • ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар;
  • жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;
  • анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар;
  • жалгыз бой энелер;
  • көп балалуу аялдар;
  • ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдар менен жашы жете элек балдар.

Ошону менен бирге 1-берененин 1-бѳлүгүнүн колдонулушу жайылтылбай турган кылмыштардын тизмеси дагы бекитилген:

Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян - Sputnik Кыргызстан
Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян
мунапыста көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча жазасын өтөп жатып качып кеткендер, эгер ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазаны өтөп жаткан жерге, камакта турган жерге же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келсе, кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазыктык жазадан бошотулат;

сот тарабынан эркиндигинен ажыратылып, бирок издөөдө жүргөн адамдарга карата колдонулбайт.

Айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга коркунуч жараткан оорулар (кургак учук, жугуштуу оорулар, венерикалык оорулар) менен ооруган адамдарга мунапыс актысы зарыл дарылоо курсу аяктагандан кийин гана колдонулат.

Мындан тышкары сот отурумунда мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуу тууралуу маселе каралганда прокурор милдеттүү түрдө катышат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0