"РСК банкы" коронавирус жуктуруп алган кызматкерлери тууралуу үн катты

CC0 / Pixabay / StartupStockPhotosРабота за компьютером
Работа за компьютером - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банк ушу тапта коронавирус аныкталган башка учур катталбаганын, мекеме кадимки тартипте иштеп кызмат көрсөтүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. "РСК банктын" коронавирус жуктурган кызматкерлери кесиптеш, кардарлар менен байланышкан эмес. Бул тууралуу аталган банк маалымдап, билдирүү таратты.

Эскерте кетсек, банк кызматкерлеринин коронавирус жуктуруп алганын бүгүн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген болчу

Билдирүүдө эки кызматкердин бири Бишкек шаарындагы кеңседе, экинчиси Чаткалдагы филиалда иштегени айтылат.

"Бишкектеги кызматкер дарыланып чыкты, азыр үйүндө. Өзгөчө абал режими киргизилгенден тарта аралыктан иштеп келген. Ал эми Чаткалдагы кызматкер ушу тапта дарылануудан өтүп жатат. Экөө тең кесиптештери, банктын кардарлары менен байланышта болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Банк ушу тапта коронавирус аныкталган башка учур катталбаганын, мекеме кадимки тартипте иштеп, кызмат көрсөтүп жатканын белгиледи. Маалыматта бардык кызматкерлер коргонуучу каражаттар менен камсыздалганы, имарат күн сайын дезинфекцияланып жатканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0