Жалал-Абадда ардагерлердин сүрөтү шаар ичине илинип, 20 миң сомдон берилет

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүСогуш ардагеринин медалдары. Архив
Согуш ардагеринин медалдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин согуштун катышуучуларына республикалык бюджеттен 75 миң сомдон берилген. Ал эми шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражат эртең тапшырылат.

БИШКЕК, 8-май – Sputnik. Жалал-Абад шаарында эртең, 9-май күнү, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына көп кабаттуу үйлөрдүн балкондоруна ардагерлердин портреттери илинет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, калаада Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагери, концлагердин бир туткуну жана ооруктун эки ардагери бар. Буга чейин согуштун катышуучуларына республикалык бюджеттен 75 миң сомдон берилген.

“Ал эми шаардык бюджеттен согуш ардагерлерине 20 миң сом, концлагердин туткунуна 15 миң сом, ооруктун ардагерлерине 10 миң сомдон бөлүнгөн. Бул каражат эртең тапшырылат”, — дешти мэриядан.

Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик тарабынан ардагерлерге бир мүшөктөн ун жана башка азык-түлүктөр берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0