Таласта коронавирусту аныктоочу лаборатория ачылат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛаботатория кызматкерлери иш учрунда
Лаботатория кызматкерлери иш учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас облусунда COVID-19 вирусу катталган эмес. Буга чейин бул аймактан анализ чыгаруу үчүн материалды Бишкекке ташып келип турушкан.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Талас облусунда коронавирусту аныктоочу вирусологиялык лаборатория иштей баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Бүгүн кечке чейин даяр болуп калса эртеңден баштап лаборатория ишке кирет. Мурда анализ чыгаруу үчүн материалды Бишкекке ташып келип жатканбыз. Эми жеринде ыкчам иштөөгө шарт түзүлөт”, — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, жаңы лабораторияда “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан өтүп жаткан жарандар, аларды ташыган айдоочулар текшерилет.

Филатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: оор абалдагы 12 кишинин жарымы реанимацияда жатат
Белгилей кетсек, аталган облуста COVID-19 вирусу катталган эмес.

Бүгүнкү күндө жалпы 906 учур катталса, 650 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Коронавирус табылган медицина кызматкерлеринин саны 226 болсо, анын 163ү сакайып ишине кайткан.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0