Көбү Бишкек менен Ошто. Кыргызстанда бир суткада 13 бейтап айыгып чыкты

© REUTERS / STEPHANE MAHEСитуация в Франции из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Франции из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үсөнбаевдин айтымында, бир суткада айыккандардын алтоо Бишкекте, алтоо Ош шаарында, бирөө Нарын облусунда.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда 13 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, өлкө боюнча коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 650 болду.

"Бир суткада айыккандардын алтоо Бишкекте, алтоо Ош шаарында, бирөө Нарын облусунда", — деди Үсөнбаев.

Лифт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биолог үйдө коронавирус жугуп кала турган кооптуу жерлерди айтып берди
Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда коронавирус 906 адамдан аныкталды. Анын теңинен көбү, тагыраагы, 650сү айыгып чыкты. Вирус жуктуруп алган 12 адам каза болгон.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0