ЖРТ боюнча суроо барбы? Министрлик ыкчам байланыш номерин жарыялады

© AFP / FREDERICK FLORINЭкзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив
Экзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖРТнын жыйынтыгы 13-19-июлда чыкса, 20-июлдан тарта бүтүрүүчүлөрдү жогорку окуу жайлар кабыл ала баштайт.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөө боюнча бардык суроолорго жооп берчү ыкчам байланыш номерин жарыялады.

"Тестирлөө боюнча ата-энелер, бүтүрүүчүлөр 0312 66 48 38 номерине чалса болот. Чалуулар иш убактысында гана кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары министрлик бүтүрүүчүлөр үчүн тестирлөө качан болорун, ЖОЖдорго кабыл алуу качан башталарын да айткан.

Алардын так күндөрү:

  • 15-майда ЖРТга каттоо аяктайт;
  • 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы;
  • 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы;
  • 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы;
  • 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
  • 13-19-июлда ЖРТнын жыйынтыктары жарыяланып, бүтүрүүчүлөргө таратылат;
  • 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
  • 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру болот;
  • 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру уюштурулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0