Өлгөн ата-энесинин сөөгүн ташыган балдар жүрдү... Согуштагы кыргызстандык баатырлар

© Sputnik / Всеволод Тарасевич / Медиабанкка өтүүВеликая Отечественная Война
Великая Отечественная Война - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-майда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет. Бул согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык жоокер башын канжыгага байлап, канын көөкөргө куюп кан майданга аттанган.

Ата Мекенди коргоого жөнөгөндөрдүн арасында 1395 аял бар эле. Зейнат Киргизбаева күйөөсү Мукаштын аркасынан кан майданга кетип, өмүрлүк жары сыяктуу снайпер болгон. Ал эми жердешибиз Гүлбара Егембердиева санитардык батальондун командири болуп, Кенисберг шаарына чейин жеткен. 76 кыргызстандык жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыган. Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы кыргызстандыктардын эрдиги тууралуу колумнист Алмаз Батилов Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивдин жана ардагерлердин балдарынын маалыматына таянып чагылдырууга аракеттенди.

Нина Соколова (1929-2007): жыгач чаптачу клей менен кайыш курларды жедик

© Фото / Государственный архив Иссык-Кульской областиАрдагер Нина Соколова
Өлгөн ата-энесинин сөөгүн ташыган балдар жүрдү... Согуштагы кыргызстандык баатырлар - Sputnik Кыргызстан
Ардагер Нина Соколова

(Архивдеги кол жазмасы)

— Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 12 жашта болчумун. Ленинградды фашисттик авиация тынбай бомбалап жатты. Апам иштеген заводго бомба түшүп талкаланып, дайынсыз жоголду. Буга карабастан өзүм курактуу өспүрүмдөр менен шаарды коргогонго катышып жаттым. Майыптар менен кары-картаңдарды жөлөп-таяп жер төлөгө түшүрчүбүз, өрттү козгоочу бомбаларды үйлөрдүн чатырынан ылдый карай ыргытчыбуз. Каза болгондорду Володар көпүрөсүнүн жанындагы чиркөөгө жеткирчүбүз. Бул чиркөөгө канчалаган бала курман болгон ата-энесинин сөөгүн алып бара жатканын да көрдүк. Ачкачылык менен сууктун айынан канча көз жаш төгүлдү, таш жүрөк болот экенсиң, үй менен подъезддин ичиндеги толо өлгөн адамдарга көңүл бурбай каласың. Күнүнө болгону ар бир кишиге 125 грамм нан берилчү. Кардыбызды тойгузуш үчүн жыгач чаптачу клей менен кайыш курларды жедик. Ошентсе да фашисттик авиация бомбалаганына карабастан улууларга кошулуп окоп да каздык. Жеңиш биз тарапта болот деген ишеничтен тайган жокпуз. Ошентип Ленинград фашисттерге багынган жок.

Бакас Жапаров (1923-2004). Сталинграддан Маньчжурияга чейинки Жеңиш жол

© Фото / Государственный архив Иссык-Кульской областиАрдагер Бакас Жапаров
Өлгөн ата-энесинин сөөгүн ташыган балдар жүрдү... Согуштагы кыргызстандык баатырлар - Sputnik Кыргызстан
Ардагер Бакас Жапаров

(архивдик материал)

— 1942-жылы майда 19 жаштагы Бакас советтик армиянын катарына чакырылат. Адегенде ал Фрунзе шаарындагы жөө аскер училищесинде окуйт. Аны бүткөн соң Жапаровго сержант наамы ыйгарылып, белгилүү генерал Афанасий Белобородовдун 9-гвардиялык аткычтар дивизиясынын миномёттук расчётунун командири болуп дайындалат. 1942-жылы ушул дивизия Сталинград шаарын айыгыша коргойт. Бакас салгылашуунун биринде оор жарадар болот. Миномёт расчётундагы жети жоокердин ичинен экөө гана аман калат. Аскердик госпиталдан дарылангандан кийин фронтко кайтат. Аскердик жетекчилик ага кичи лейтенат наамын ыйгарат. Жапаров Калинин, Батыш жана 2-Белорус фронтунда аскердик жолун улантат. 1944-жылы жайында Белоруссиянын Орша шаарын бошотуп жаткан учурда кайрадан оор жарадар болот. Иркутск облусундагы Усолье-Сибирское шаарындагы санаторийде дарыланат. 1945-жылы 9-майда ал үчүн согуш бүткөн эмес. Лейтенант Жапаров Түндүк Кытайдын Маньчжурия аймагын япон баскынчылардан бошотууга да катышат.

Степан Костромин (1916-2003). 35 күн душмандын тылында жүргөн чалгынчы

© Фото / Государственный архив Иссык-Кульской областиАрдагер Степан Костромин
Өлгөн ата-энесинин сөөгүн ташыган балдар жүрдү... Согуштагы кыргызстандык баатырлар - Sputnik Кыргызстан
Ардагер Степан Костромин

(архивдик материал)

— 1942-жылы Костромин радист жана мина тапкыч адистигин өздөштүрөт. 1943-жылдын март-апрель айында ага сержант Степан Демянск курчоосундагы миналарды издеп, жок кылат. Күзүндө командачылык анын тобун Псков аймагындагы партизандарга көмөк көрсөтүүгө жиберет. Алар Калинин фронтунун сызыгынан жашыруун өтүп, фашисттик армиянын тылына кирип, партизандардын гитлерчилерге каршы диверсияларына катышат. Ошол эле маалда бул чөлкөмдөгү фашисттик армиянын штабы жана коргонуу системасы тууралуу чалгындап маалымат топтошкон. Костромин дароо борборго рация менен маалыматты жөнөтүп турчу. 1944-жылы Новгород менен Псков облустарын баскынчылардан бошоткондон кийин анын тобун командачылык Батыш Латвияга жөнөтөт. Бул аймакта Гитлердин "Түндүк" армиясы каршылык көрсөтүп жаткан учур эле. Командачылык Гитлердин ушул армиясында канча жоокер жана курал-жарак бар экенин билүүнү көздөгөн. Ошондуктан алар фашисттердин тылына самолёттон парашют менен түшүшөт. Чалгынчылар 35 күн душманга эч сыр алдырбастан маалымат топтошот. Костромин борборго бүт маалыматты үзгүлтүксүз жөнөтүп турган. Командачылыктын тапшырмасы ийгиликтүү аткарылган соң кайтууга буйрук берилет. Бир күндө фронттун сызыгынан өтүшөт. Ошондо да кур кол келишпей үч фашистти туткунга түшүрө келишкен. Кан майдандан Степандын төрт бир тууганы кайткан жок...

Жумабек Рахманов (1921-2011). Бакта отурган снайперди атып түшүрүп...

© Фото / Государственный архив Иссык-Кульской областиАрдагер Жумабек Рахманов
Өлгөн ата-энесинин сөөгүн ташыган балдар жүрдү... Согуштагы кыргызстандык баатырлар - Sputnik Кыргызстан
Ардагер Жумабек Рахманов

(архивдик материал)

— Волхов фронтунда Ленинградды блокададан бошотууга катышкам. 1943-жылы июнь айында Кыргыз ССРинин өкмөтү Ленинград фронтунда салгылашып жаткан аскерлерге бир эшелон белек жибериптир. Анын ичинде жылуу кийим, мээлей, байпак, тумак, жүз аарчы жана түрлүү тамак-аш бар экен. Бул белектерди Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы Кусейин Көлбаев, Ысык-Көл облусунун жетекчиси Райымбек Табалдиев жана башка жердештерибиз жеткирип келген. Мага тийгенин карасам саймаланган жүз аарчы экен. Ага ооруктагы белгисиз келин “Баатыр жоокерге” деген ыр жазыптыр. Ошол келиндин ыры дагы да эсимде. Ленинградды блокададан бошотууга катышканым үчүн “Эрдик” медалы менен сыйлангам.

Давлет Халитов (1925-2004). Аба десант аскеринин тайманбас чалгынчысы Толик

© Фото / Государственный архив Иссык-Кульской областиАрдагер Давлет Халитов
Өлгөн ата-энесинин сөөгүн ташыган балдар жүрдү... Согуштагы кыргызстандык баатырлар - Sputnik Кыргызстан
Ардагер Давлет Халитов

(архивдик материал)

— 1943-жылы март айында Давлет Кызыл армиянын катарына чакырылып, 300-гвардиялык аба-десант аскер полкунун курамына кошулат. Аны полктоштору Толик деп аташат. 1944-жылы июлда сержант Халитов сегиз полктошу менен чогуу Карелиядагы Свирь дарыясынын боюнда фин лахтерлеринен (баш кесерлер) куралган отряддын курчоосунда калат. Лахтерлер советтик аскерлерди жок кылыш үчүн токойду өрттөшкөн. Ошондо да тогуз баатыр жанын тиштеп, финн баш кесерлерине айыгышкан каршылык көрсөтүшөт. Бул салгылашта Давлеттин үч жолдошу курман болот. Аларды курчоодон танкисттер менен полктоштору алып чыгып кетишкен. Бул каармандыгы үчүн Халитов "Эрдик" медалы менен сыйланат. 1945-жылдын апрель айында Австрияда аталган полктун 72 чалгынчысынан турган топ түзүлөт. Алардын катарында жердешибиз Халитов да бар эле. Топтун максаты фашисттик армиянын тылында диверсиялык иш-чараларды уюштуруу болчу. Булар гитлерчилердин тылында рейд жүргүзгөнгө өтүшкөн. Давлет биринчилерден болуп австриялык антифашисттердин отряды менен байланышат. Австриялык патриоттор менен советтик чалгынчылар биргелешип Пернитц шаарындагы СС дивизиясынын штабын талкалап, ок-дары зат сакталган кампаны жардырып, 300 фашистти жок кылышкан. Ушул эрдиги үчүн Халитов "Аскердик Кызыл Туу" ордени менен сыйланган.

Габи Абдуллаев. Германиядан алып келген дасторкон

© Фото / из личного архива Габи АбдуллаеваАрдагер Габи Абдуллаев (үстүнкү катарга оң жактан биринчи)
Өлгөн ата-энесинин сөөгүн ташыган балдар жүрдү... Согуштагы кыргызстандык баатырлар - Sputnik Кыргызстан
Ардагер Габи Абдуллаев (үстүнкү катарга оң жактан биринчи)

Габи Абдуллаевдин азыр, тилекке каршы, көзү көрбөй, кулагы укпай калыптыр. Эки жылдан бери төшөктө экенин уулу Салихар айтып отуруп, Габи атанын кан күйгөн согуштан ала келген таберик буюму тууралуу да кеп салды.

— Атам Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын кулуну. Аскердик сапары 1943-жылы Курск догосундагы салгылашууда башталган. Ал 358-гвардиялык зенит полкунун аткычы экен. Бул салгылашуу кырк күндөн ашык убакытка созулган эмеспи. 6-июлда атамдын полку фашисттердин он бир чабуулунун мизин кайтарган. Курск догосунда көрсөткөн эрдиги үчүн "Эрдик" медалы менен сыйланат. Андан кийин август айында Белгород шаарын баскынчылардан бошотууда көрсөткөн каармандыгы үчүн "Кызыл Жылдыз" ордени берилген. Украинадагы салгылашуунун биринде ал ушул орденин жоготуп жиберет. Бирок атам эч кимге айткан эмес экен. Себеби соттолуп кетмек. Польша менен Чехословакияны фашисттердин запкысынан бошотууга катышат. Согуш бүткөндөн кийин Германияда дагы эки жыл аскердик кызматын өтөйт. Кан төгүп жүрүп ал жактан тапкан олжосу бир жарым метр кездеме жана дасторкон болуптур. 1947-жылы майда демобилизация болуп, Кыргызстанга жеткенде акчасы түгөнөт. Айласы кетип Фрунзенин автовокзалына келип жүк ташуучу автоунаанын (ГАЗ АА полуторканын) жашы улгайган айдоочусуна "аксакал, армиядан келе жатам, акчам түгөндү, жол киренин ордуна кездеме берейин" деп өтүнөт. Ал макул болот. Ошентип Гитлерди жеңген жоокер жүк ташуучу автоунаанын үстүндө туулуп өскөн айылы Ырдыкка жетет. 73 жылдан бери атам Германиядан алып келген дасторконду үйүбүздө таберик буюм катары сактап келе жатабыз.

Рысбек Өкөмбаев. Кеңеш өкмөтүнө таарынычын унутуп, мекенин коргогон

© Фото / из личного архива Асель ЭгембердиевойАрдагер Рыспек Өкөмбаевдин кызы Зууракан Рысбекова(солдо)
Өлгөн ата-энесинин сөөгүн ташыган балдар жүрдү... Согуштагы кыргызстандык баатырлар - Sputnik Кыргызстан
Ардагер Рыспек Өкөмбаевдин кызы Зууракан Рысбекова(солдо)

Согуштан кайтпай калган Рыспек Өкөмбаев жөнүндө анын кызы Зууракан Рысбекова айтып берди.

— Атам Рысбек 1913-жылы Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында төрөлгөн. Анын атасы Өкөмбай жана бир туугандары бай адамдар экен. Ошондуктан 1930-жылдары чоң атамды Кеңеш өкмөтү кулакка тартып, Россияга сүргүнгө айдайт. Анын эки баласы менен бир туугандары, Кытайдын курамындагы Текес өрөөнүнө качканга үлгүрөт. Чоң энем Кишимжан эки уулу Рысбек, Ырыскелди менен Кыргызстанда калат. 1939-жылы Ырыскелди Кызыл армиянын катарына чакырылат. Улуу Ата Мекендик согуштун алдында ал "атамды таптым, жакында чогуу келебиз" деп кат жазган экен. Кан майданда дайынсыз жоголду...

Письмо участника ВОВ кыргызстанца Курманбека Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
"11 күн бою жалаң кызыл чокто болдум". Фронттон келген каттарды барактап
1942-жылы 25-ноябрда атам өз ыктыяры менен фронтко кетип, 125-гвардиялык аткычтар дивизиясынын катарына кошулат. Ал пулемётчик болуптур. 1943-жылы март айында баатырларча каза болгону жөнүндө кара кагаз келди. Анда: "1943-жылы 12-мартта Ленинград облусунун Старорусский районундагы Сычево айылын басып алган фашисттерге биздин полк каршы чабуул коёт. Өкөмбаев үч ирет жарадар болгон. Командири тылга кайт деп буйрук берсе да баш тартып, пулемёттон аткылаганын улантат. Салгылаш учурунда төртүнчү жолу жарадар болот. Ошондо да согуш талаасынан кетпей жараатын өзү таңып, кайрадан пулемёттон аткылаганын улантат. Салгылаш бүткөндөн кийин полктоштору сөөгүн табышат. Алар Рыспектин 17 жолу жарадар болгонун көрүшөт. Ушул баатырдыгы үчүн Өкөмбаев "Ленин" ордени менен сыйлоого сунушталды", — деп 125-гвардиялык аткычтар полкунун командири атамдын эрдиги жөнүндө жазган. Ошол эле жылы 20-майда ал СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгынын негизинде "Ленин" ордени менен сыйланат. Согушка чейин бизди кулак, эл душманы деп айыптаган айылыбыздагы комсомолдун айрым активисттери армиядан качышты. Булар Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бет" чыгармасындагы Ысмайыл болушту. Менин атам менен агам Кеңеш өкмөтүнө таарынычын унутуп, Ата Журтун кашык каны калганча коргошту.

Жаманкул Жээнчураев (1907-1990). Жибектен тигилген халат үшүктөн сактап...

© Фото / из личного архива Розалии ДжээнчураевойАрдагер Жаманкул Жээнчураев
Өлгөн ата-энесинин сөөгүн ташыган балдар жүрдү... Согуштагы кыргызстандык баатырлар - Sputnik Кыргызстан
Ардагер Жаманкул Жээнчураев

Даңазалуу советтик чек арачы Жаманкул Жээнчураевдин кызы Розалия атасы тууралуу кызыктуу окуя айтып берди.

— 1939-жылы атам Брест аймагындагы Негорелое станциясынын комендатурасына комендант болуп дайындалыптыр. Биз ал жерге көчүп барып, бат эле көнүп кеттик. Улуу Ата Мекендик согуштун алдында атам апама жибектен тигилген кооз халат белек кылды. 22-июнда фашисттик Германия кол салганда атам заставадагы аялдар менен балдарды тылга жиберүүгө үлгүрөт. Жанын аябай каршылык көрсөтүшүп, акыры күч тең эмес экенине атамдын көзү жетет. Ал аман калган жоокерлери менен артка чегинмей болот. Ошонун алдында атам үйгө кирип, апамдын халаты менен сайма түшкөн кол аарчыларынын бирин койнуна салып чыгып кетет. Москвага чейин чегинишет. Биздин тылга жеткенибизди атам көпкө чейин билген жок. 1941-жылы кышында советтик армия фашисттерге чабуул коюп жаткан учурда күн абдан суук эле. Атам досу менен апамдын халатын айрып, буттарына чулгоо кылып орошот. Ошентип экөө буттарын үшүккө алдырбайт. Ал эми апамдын кол аарчысын төш чөнтөгүнө салып, тумар катары алып жүрчү экен. Кийин "кол аарчыны карап үй-бүлөм тылга жетти, мен да сөзсүз согуштан алты саным аман кайтам деп жүрдүм" деп айтып берди эле. Чынында эле кан майдандан аман-эсен келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0