21:49 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (882)
205 0 0

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндөгү медик, бейтаптарга коронавирус Жалал-Абаддан келген бейтаптын апасынан жуккан.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы бейтап, медиктерден COVID 4-майда аныкталган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.

Эске салсак, буга чейин аталган борбордун гематология бөлүмүндө жаткан эки бейтап баладан, үч энеден жана эки медиктен коронавирус аныкталгандыгы белгилүү болгон.

Узакбаевдин айтымында, марттын аягында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан бейтап түшкөн. Ал жаш бала болгондуктан, жанында апасы карап жаткан. Баланын дарылануусу 17-апрелде аяктап, ооруканадан чыгарылган.

"Ал келин баласы менен бир жумадай жолдо жүрүп Жалал-Абадга 24-апрелде барган окшойт. Анализи 24-апрелде алынып, апасынан коронавирус табылыптыр. Бизге андан коронавирус табылгандыгы тууралуу маалымат 30-апрелде келген. Ошол күнү эле дароо бөлүмдө иштеген медиктерден, бейтаптардан жана аларды карап жаткан ата-энелерден анализ алдык. Жыйынтыгы төрт күндөн кийин чыкты. Тагыраагы, 3-майда бир кишиден коронавирус табылса, 4-майда калган алты кишиде коронавирус бар экени аныкталды", — деди Узакбаев.

Ал эми бөлүмдөгү калган 20 медкызматкердин, 13 бала жана жети эненин анализдери таза чыкканы маалым болду. Коронавирус аныкталган бейтаптардын бардыгы жугуштуу илдеттер ооруканасына которулган. Бул бөлүмдө жаткан 13 бала тең оор абалда болгондуктан, дезинфекция иштери жүрүп, балдар ооруканада эле калышкан. Ал эми 20 медкызматкерге биринчи жана экинчи кабатта обсервация уюштурулган.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 895ке жетип, 637си айыкты. Коронавирус жуктуруп алган 12 адам каза болду.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (882)

Тема боюнча

Нарында 7 милиция кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду
Белгилер:
коронавирус, балдар, оорукана, Жалал-Абад, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ