Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 23 бейтап айыкты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 НМИЦ ССХ им. А. Н. Бакулева Минздрава РФ
Госпиталь COVID-19 НМИЦ ССХ им. А. Н. Бакулева Минздрава РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада айыккандардын 15и Бишкекте, сегизи Ош шаарынан. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 895ке жетип, анын 637си айыкты.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 23 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 637 бейтап сакайып чыккан.

"Бир суткада айыккандардын 15и Бишкекте, сегизи Ош шаарында. Мындан тышкары, акыркы суткада үч медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 224 учур катталды, алардын ичинен 161 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", — деди Үсөнбаев.

Сдача крови сотрудниками Росгвардии - Sputnik Кыргызстан
Теңи Нарында. Өлкөдө дагы 24 кишиден коронавирус аныкталды
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 895ке жетип, 637си айыкты. Коронавирус жуктуруп алган 12 адам каза болду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0