Алайда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

© AFP / FREDERICK FLORINСейсмограф берген көрсөтмөлөр. Архив
Сейсмограф берген көрсөтмөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүүнү Алайдын 12 айылынын тургундары сезишкен. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен жеринде очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди.

Селден кийин айылдын абалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайра сел жүрүшү ыктымал! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Силкинүүнүн күчү Ош облусуна караштуу Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 6 балл, Көк-Суу айылында 5 балл болуп сезилген. Мындан тышкары, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Алай, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Гүлчө, Суфи-Курган, Таш-Короо, Кара-Шоро айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга жеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0