Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКараван-сарай Таш-Рабат көрүнүшү. Архив
Караван-сарай Таш-Рабат көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 7-майда түнкүсүн Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Селден кийин айылдын абалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайра сел жүрүшү ыктымал! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Маалыматка ылайык, күндүз Нарын менен Ысык-Көлдүн кээ бир аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22…+27, Таласта +21…+26, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +24…+29 жана Ысык-Көл менен Нарында +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы баш калаада +24…+26 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +27…+29 градуска дейре жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0