Ата Мекендик согуштун ардагерлери Кыргызстан менен Россиянын медалын алат

© Фото / пресс-служба Президента КРАта Мекендик согуштун ардагерлери Кыргызстан менен Россиянын медалын алат
Ата Мекендик согуштун ардагерлери Кыргызстан менен Россиянын медалын алат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүндөн тарта Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, аларга теңештирилген адамдарды, ошондой эле ооруктун эмгекчилерин мааракелик медалдар менен сыйлоо башталды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилери Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Кыргызстан жана Россиянын мааракелик медалдары менен сыйланып жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба Президента КРВетераны ВОВ и труженики тыла награждаются юбилейными медалями Кыргызской Республики и Российской Федерации, приуроченные к 75-летию Победы
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилери Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Кыргызстан жана Россиянын мааракелик медалдары менен сыйланып жатат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилери Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Кыргызстан жана Россиянын мааракелик медалдары менен сыйланып жатат
© Фото / пресс-служба Президента КРВетераны ВОВ и труженики тыла награждаются юбилейными медалями Кыргызской Республики и Российской Федерации, приуроченные к 75-летию Победы
Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
1/2
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилери Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Кыргызстан жана Россиянын мааракелик медалдары менен сыйланып жатат
2/2
Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, бүгүн, 6-майда, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды, ошондой эле ооруктун эмгекчилерин "1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалы менен сыйлоо иштери башталды. Аларга медалды шаар менен райондордогу аскер комиссариаттары, жергиликтүү администрациялар менен өз алдынча башкаруу органдары президенттин атынан тапшырууда.

Кара-Суудагы согуштун ардагерлерине облус жетекчиси 10 миң сомдон тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суудагы согуштун ардагерлерине облус жетекчиси 10 миң сомдон тапшырды
Ошол эле маалда ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине Россия Федерациясынын өлкө башчысынын атынан "1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалы тапшырыла турганы айтылат.

Россия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагына бирдиктүү болуп саналат.

Кыргызстанда сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуштун катышуучулары, майыптар, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны 234. Ошондой эле 1769 ооруктун эмгекчилери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0