Өлбөстүккө кадам шилтей: Улуу Ата Мекендик согуштун биз билбеген баатырлары

© Sputnik / Борис Кудояров / Медиабанкка өтүүУлуу Ата Мекендик согуш жылдары
Улуу Ата Мекендик согуш жылдары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуш жылдары жогорку советтик наамды — Советтер Союзунун Баатыры "Алтын Жылдызын" Кызыл армиянын 11 657 жоокери жана офицери алган, ал эми 3051 жоокер өлгөндөн кийин сыйланган.

Алар кургакта, деңизде жана абада эрдик көрсөткөн. Баатырлардын баары эле элге кеңири белгилүү эмес. Биздин өнөктөш РИА Новости агенттиги алардын айрымдарын эскерди.

Танкист

Гвардиянын капитаны Владимир Бочковский — танк боюнча чыныгы чебер. Согуш убагында душмандын 36 сооттолгон техникасын жок кылган. Канча жолу ажал менен бет келишкен, төрт ирет оор жарадар болгон, беш жолу жалын ичинде калган.

1944-жылы 21-мартта №1 гвардиялык бригадасынын батальон командиринин орун басары капитан Бочковский чабуулга жоокерлерди жетектеп чыгат. Требен дайрасын кечип өтүп, душман тараптагы плацдармды басып алган.

Эстафета Победы - Sputnik Кыргызстан
Россия менен Белоруссиядан чыккан Жеңиш эстафетасы Ош шаарына жетти
Анын танктары душмандын 16 замбирегин, төрт чабуулдук курал-жарагын жана 200дөй автоунаасын жарактан чыгарган. Эртеси күнү немистер кайра чабуул коюп, советтик машиналар алардын мизин кайтарып, үч танкын, беш миномётун, 50 чакты сооттолгон автоунаасын жана аскер бөлүгүн жок кылат. Бул өңдүү кармаштары үчүн Владимир Бочковскийге баатыр наамы ыйгарылган.

1945-жылдын 15-январындагы Висло-Одер чабуулдук операциясынын маалында Бочковскийдин танкы немис "жолборстору" жүктөлгөн (экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы Германиянын танктары) темир жол эшелонун талкалаган. Т-34 борту менен жүрүп бараткан паровозду темир жолдун кырдалган топурагынан түртүп, ал бронетехника жүктөлгөн платформаны кошо сүйрөй талкалаган. Бул эрдиги үчүн баатыр танкистти экинчи "Алтын Жылдызга" сунушташкан, бирок жыйынтыгында III даражадагы Суворов ордени ыйгарылган.

Учкуч

Анатолий Недбайло аскердик авиациядагы мыкты чабуулчулардан эле. Ил-2 учагы менен 220 жолу учкан.

Недбайло жалгыз өзү согуш талаасында ондогон танкты, душмандын жакынкы тылындагы жүздөгөн объектисин жана сан жеткис гитлерчилерди жок кылган. Миус, Донбасс, Мелитополь, Никопол-Криворож, Крым, Витебск-Орша, Минск, Вильнюс, Каунас, Мемель, Чыгыш Пруссия, Кенигсберг жана Земланд операцияларына катышкан.

Капитанга эки ирет — 1945-жылдын апрель жана июнь айларында Советтер Союзунун Баатыры наамын беришкен. Анын "Ил-2" учагын үч жолу атышкан, бир жолкусунда туманда коштогон учак менен кагышып, ажалдан калган. Чабуулчу учак жерге кулап, учкуч оор жаракат алып, эс-учунан танат. Учак кулаган жерге жетип келген жөө аскерлер аны учак өрттөнүп кеткенче чыгарып калууга үлгүрүшөт. Недбайло бир жарым айдан кийин кайра катарга кошулат.

Моряк

Капитан-лейтенант Валентин Стариков Түндүк флотто кызмат өтөгөн, "Малютка" тибиндеги М-171 суу алдында жүрүүчү кайыгына командачылык кылган. Анын экипажы 23 аскердик тапшырманы аткарып, душмандын 13 кемесин чөктүргөн. Алардын ичинде жети транспорт, танкер, суу алдында сүзүүчү эки кайык, эки тральщик жана катер болгон. "Малютка" кригсмариндеги (Үчүнчү рейх доорундагы германиялык аскердик-деңиз күчтөрүнүн расмий аталышы) моряктар үчүн чоң коркунуч туудурган. Алар орустарды аңдышкан, бирок ар жолкусунда Стариков тереңдикте жарылчу бомбалардан буйтай качкан.

Знамя Победы над Рейхстагом — захватывающая видеоистория знаменитого фото - Sputnik Кыргызстан
Рейхстагда желбиреген Жеңиш туусу. Белгилүү сүрөт тууралуу кызыктуу видеобаян
Карматпаган моряк душмандардын жакшы сооттолгон аскердик-деңиз базасына эки жолу өтүп кирген. 1941-жылдын 2-октябрында М-171 тар булуң аркылуу жүк түшүрүүчү Линахамари жайына эки жолу жашырынып өткөн. Душмандардын аскерлерди кайтаруу жана жээктерди коргоо күчтөргө көз көрүнөө алардын эки транспортун торпеда менен соккон.

Тереңдикте жарылчу бомба менен жабдылган душмандардын катери жойлоп жүргөн кичинекей булуңдан чыга бериште "Малютка" сууда да, абада да кармашчу аскердик кеменин торуна түшүп калат. Стариков тузактан кутулуп, билинбей калкып, тоскоолдон өтүп чыгат. 1942-жылдын январына дейре М-171 душмандын жети транспортун талкалаган. Апрелде кайыктын экипажы согуштагы эрдиктери үчүн "гвардиялык" ардактуу наамына татыган. Командирге Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган.

Артиллерист

Улук сержант Геннадий Барыков согуштун ачуусун адеп аткычтар полкунда бронебойщик катары татып, кийин Борбордук, Брянск жана Түштүк-Батыш фронтторунда салгылашкан, танкка каршы мылтык менен Курск багытындагы немис танктарын өрттөгөн. 1941-жылдын декабрында аны оор жарадар кылышкан.

Жоокер сакайып чыгып, кайра даярдыктан өтүп, 1943-жылдын июль айынан тарта 753-аткычтар полкунун 76 миллиметрлик замбирек батареясындагы куралга командачылык кылып, Жеңишти Чыгыш Пруссияда тоскон. Барыков Кенигсберг операциясында айрыкча айырмаланган.

1945-жылдын апрелинде Варген айылындагы душмандардын коргонуу тобун жиреп киргенде анын түз чабуул эсеби үч зениттик куралын, беш пулемёт жана жыйырма чакты душман аскерин жок кылган.

Эртеси күнү Геннадий немистердин танкынын чабуулуна каршы турат. Мээлөөчү артиллерист жана октоочуга ок тиет. Аскердик жолдошторунун ордун ээлеген улук сержант панорамага туруп, жалгыз өзү эки оор танкты жана 76 миллиметрлик төрт куралды талкалаган. Оор артиллериянын ок-дарысы калбай калганда жеке куралын көтөрө жөө жоокерлер менен чабуулга жөнөйт.

1945-жылдын июнь айында улук сержант Геннадий Барыковго бул эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Жөө жоокер (пехотинец)

Гвардияда улук лейтенант Михаил Кузнецов Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы күндөрүнөн бери согушкан. Брест чебинде курчоодо калган бир нече жоокер менен бирге аман кутулуп чыгышкан.

1941-жылдын августунан бери Батыш фронтунда 537-аткычтар полкунун миномёттук ротасынын политрук кызматын ээлеген. Ноябрда аны 622-СПдагы Түштүк-Батыш фронтуна которушат. Ал жакта Кузнецов чалгынчылык иште мыкты чеберчилигин көрсөткөн.

Душмандын тылдарына түнкү рейддерге чыккан, диверсия уюштурган туткундарды алган. Декабрда штабга алтынчы "тилди" алып келгенден кийин автоматчылар ротасынын командирлигине дайындалган.

Читайте стихи о войне: спикер Совета Федерации России о 75-летии Победы - Sputnik Кыргызстан
Согуш жөнүндө ыр окугула: РФ Кеңешинин спикери Жеңиштин 75 жылдыгы тууралуу
Кузнецов 1942-жылды толук фронт чегинде өткөргөн. Анын автоматчылары 20-ноябрда Орто-Царицын хуторуна чабуул коюуда өзгөчөлөнүшкөн. Рота фашисттердин колоннасынын тылына байкатпай кирип, артиллериялык дивизиондун жеке курамын бүт кырган. Штабдык документтери менен бирге командирди туткунга алып, 16 бузугу жок замбиректи жана 96 жылкыны алышкан.

Бул менен эле рейд бүтүп калган эмес. Кузнецов эки автоматчыны "трофейлик" немис менен кошо өздөрүнүкүнө жөнөтүп, өзү хутордогу гитлерчилерди алардан тартып алынган артиллерияны пайдаланып талкалоону чечет.

Анын жоокерлери душмандын замбирек менен бекемделген чебин аткылап, каршылык көрсөткөнүнө карабай тез эле басышкан. Өз тылынан чабуул болорун немистер күтпөгөн, андайга даяр да болгон эмес. Автоматчылар Орто-Царицынды 15 мүнөттө алып коюшкан.

Ошентип, алар душмандын жөө аскерлер батальонуна чейин кыйратып, 227 замбирек, 196 жылкы, 27 кол пулемёт, төрт миномёт, 17 автомат, алты автомашина жана ок-дары кампасын алган. Ал эми рота өзү жоготууга учураган эмес.

Бул кармашта улук лейтенант Михаил Кузнецовдун гвардиялары 1943-жылдын февралында Советтер Союзунун Баатыры "Алтын Жылдызы" менен сыйланган. Сыйлоо баракчасында жазылгандай, ошол маалда офицер жеке өзү 88 гитлерчини жок кылып, фронттун чегинен 64 "тил" кармап келген, беш ирет жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0