Бишкектин кайсы жерине мектеп, бала бакча салынат? Тизме

Жазылуу
Тунгуч кичи районуна 140 орундуу жана Москва — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине 100 орундуу бала бакча куруу пландалып жатат. Мындан сырткары Кайыңды жаңы конушундагы №187 бала бакча салынып бүтөт.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев маалымат жыйын учурунда калаанын канча жерине мектеп, бала бакча салынарын жана курулуп жатканын айтты.

Анын берген маалыматы боюнча, Тунгуч кичи районуна 140 орундуу жана Москва — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине 100 орундуу бала бакча куруу пландалып жатат. Мындан сырткары Кайыңды жаңы конушундагы №187 бала бакча салынып бүтөт.

Азыгалиев 6-кичи райондогу №14 бала бакчанын имараты реконструкцияланып бүтөрүн айтып, бирок убактысын так белгилеген жок. Мындан сырткары башка бала бакчалар да оңдоп-түзөлөрү айтылды.

"Быйыл сентябрда №19 орто мектебинин имараты курулуп бүтүп, пайдаланууга берүү каралган. Мындан сырткары №6 мектеп-гимназиясына үч кабаттуу имараттын курулушун баштаганы жатабыз. Жылдын аягына чейин Чыгыш-5 кичи районундагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин курулушу аяктап, ишке берилип калат", — деди Азыгалиев.

Көк-Жар конушунда жалпы аянты 5345 чарчы метрди түзгөн 550 орундуу мектептин курулушу баштала турганы кошумчаланды. Ал мектепти салууга Азербайжан мамлекети каражат бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0