Медиктер алдандыбы? Жогорку Кеңеште өкмөттүн отставкасы талап кылынды

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кенештин депутаты Мирлан Жээнчороев
Жогорку Кенештин депутаты Мирлан Жээнчороев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат коронавирус жуктуруп алган медиктерге убадаланган акча эки эсе аз төлөнүп жатканына нааразы болду.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү убадасын так аткара албагандыгы үчүн медиктерден кечирим сурабаса, кызматтан кетиши керек. Мындай талап жалпы жыйында айтылды.

“Премьер-министр жана бийлик коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине башында айтылган 200 миң сомдон эмес, 100 миң сомдон төлөп жатканына жооп бериши керек. Бул алдамчылык. Сөзүнө тура албаган өкмөт кызматтан кетсин же бардык маалыматты ачыктап, кечирим суроосу зарыл”, — деди депутат Мирлан Жээнчороев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда саламаттык сактоо кызматкерлеринин арасынан 221 вирус жуктуруп алган учур катталды. Алардын ичинен бир медик каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0