Баткендеги селде "Нива" аккан эмес. ӨКМ соцтармактагы видео тууралуу

© Фото / пресс-служба МЧССелден кийин аймактын абалы. Архив
Селден кийин аймактын абалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда Лейлектеги сел "Нива" унаасын агызды деген аталыш менен видео тараган.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда жүргөн селде эч бир унаа сууга аккан жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте "Лейлектеги сел "Нива" унаасын агызды" деген аталыш менен видео тараган.

"Социалдык тармактарда "Нива", башка машиналар аккан видеолор чындыкка дал келбейт. Исфанада селде эч бир унаа аккан жок. Адам өмүрүнө да зыян келген эмес. Болгону беш бодо мал аккан", — деди Аскаров.

Баткенде 2-май күнү кечинде катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, турак жайларды, чарбалык курулуштарды жана унаа жолдорун суу каптаган. Облус селден 55 миллион 296 миң сом зыян тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0