Кайра сел жүрүшү ыктымал! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСелден кийин айылдын абалы. Архив
Селден кийин айылдын абалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күтүлгөн туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатары айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 6-7-майда Кыргызстанда нөшөрлөп жаан жаап, айрым аймактарда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

"Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр да жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт. Нөшөрлүү жамгырдан өлкөнүн түштүк аймактарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Күтүлгөн туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0