Ысык-Көлгө баргандар эки жумага үй карантинине алынмай болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы карантин бөлүмү. Архив
Ооруканадагы карантин бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми облуска келе жаткан жарандардан COVID-19дун бар-жогун тастыктаган справка талап кылынбайт, бирок алар 14 күндүк үй карантинге алынат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ысык-Көл облусуна киргендер 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим Облустук ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болгон. Аталган штаб 3-майдан тарта бул аймакка кирип-чыгууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алган

Медициналык кызматкерлер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көбөйүп жатат. Коронавирус жуктуруп алгандардын статистикасы
Жыйында чечим күчүндө калып, кирүү шартына өзгөртүү киргизилген. Мындан ары облус аймагына кирип келе жаткан жарандардан COVID-19дун бар-жогун тастыктаган справка талап кылынбайт, бирок алар 14 күндүк үй карантинге алынат.

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Ысык-Көлгө кирип-чыгууну чектөө чарасын аша чапкандык катары баалаган.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 614 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпы саны 871ге жетти. Оорудан 12 киши көз жумганы маалым.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0