Көз ирмемде кийинип... Бишкек милициясынын кызматкер кыздарынын флешмобу. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив
Кайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакта кишилердин бир ирмемде кийине калган видеосу флешмоб катары тарап жатат. Бишкек милициясынын кыздары да ага катышкан.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын кызматкерлери Flip The Switch Challenge флешмобуна катышкан.

Бишкектин Тез жардам кызматынын дарыгерлери дүйнөлүк медицина кызматкерлеринин флешмобуна кошулушту - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик дарыгерлер коронавирус боюнча дүйнөлүк флешмобго кошулушту. Сүрөт
Анын шартында катышуучу "көз ирмемде кийине калышы" керек. Тагыраагы, жарык өчүп жана күйгөнгө чейинки убакыт. Ал эми акция өзүнчө музыка менен коштолот.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери да өздөрүнүн жай турмуштагы кийими жана аскердик формасы менен катышты. Ал тургай кээ бирлери бет капчан да жүрүштү.

Ал эми видеонун текстинде милиция кызматкерлери кандай учур, кандай кырдаал болбосун, кызмат өтөөгө даяр экендиги баяндалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0