Өлбөс полкко даярдык. "Жеңиш күнүн" миңдеген кишилер ырдашы мүмкүн

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүКыз "Өлбөс полк" акциясына онлайн регистрацияны өтүп жатат. Архив
Кыз Өлбөс полк акциясына онлайн регистрацияны өтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде пландалган иштер аткарылып калса, бишкектиктерди абдан эле маанилүү окуя күтүп турат. Миңдеген кишилер терезеден "Жеңиш күнү" ырын аткарышат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. "Өлбөс полк - Кыргызстан" кыймылынын координаторлору акцияга онлайн-катышуу үчүн эмне кылыш керектигин айтып беришти.

Акция 9-майда саат 12:00дө башталат.

"Ага катышуу үчүн телевизорду же радиону күйгүзүп, терезе же балконду ачып, бүткүл өлкө боюнча "Жеңиш күнү" ырын аткарыш керек. Бул биздин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүүбүз болот", —  деп айтылган маалыматта.

Жарандар социалдык тармакка Улуу Жеңиш күнүн кантип белгилеп жаткандыгын, сүрөттөрүн, видеолорун жүктөй алат.

Андан сырткары #ӨлбөсполкКыргызстан2020 жана #Өлбөсполкүйдө хештегин кошсо болорун айтышты.

Ошондой эле уюштуруучулар катышуучуларга согуштагы, тылдагы ата-бабалардын сүрөттөрүн, тарыхын баяндап социалдык тармактагы аккаунттарына коюуга кеңеш берди. Facebook тармагындагы атайын баракчага жайгаштырса болорун айтышты.

Бишкектеги Өлбөс полк жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өтө турган "Өлбөс полк" онлайн акциясына катышуунун жол-жобосу
"Өлбөс полк" акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн. 2013-жылы Россия, Казакстан жана Украинада белгиленген Жеңиш майрамында согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн 200 миңге жакын киши көтөрүп, параддан өткөн.

2014-жылдан тарта бул акцияга Бишкек шаары да кошулуп, анда миңге чукул адам согушка катышкан чоң аталарынын сүрөтүн көтөрүп жөө басышкан. 2018-жылы "Өлбөс полкко" 45 миң, 2019-жылы 50 миңге чукул адам чогулган. Быйыл пандемиядан улам, ага кыргызстандыктар үйдөн отуруп катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0