Нарколог пандемия учурунда чылым чегүүнүн кесепетин айтты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүДевушки курят у торгового центра. Архивное фото
Девушки курят у торгового центра. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарколог чылым адамдын иммунитетин түшүрүп жиберерин окумуштуулардын колундагы иликтөөлөр далилдеп турганын кошумчалаган.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Пандемия учурунда чылым чегүү өлүмгө алып келиши мүмкүн деп Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин психиатр-наркологу, профессор Евгений Брюн айтканын РИА Новости жазды.

Адис буга тамеки тарткандардын иммунитети алсыз болуп каларын негиз катары алган.

"Чылымдын кандай гана түрү болбосун колдонуу кооптуу! Ал эми COVID-19 пандемия учурунда бул өлүмгө алып келет! Көк түтүндү үйлөп жүргөндөр коронавирусту жеңил көтөрөт деген болбогон кеп", — деген Брюн.

Ал чылымдын адамдын иммунитетин түшүрүп жиберерин окумуштуулардын колундагы иликтөөлөр далилдеп турганын кошумчалаган.

Ситуация в Пекине в связи с эпидемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус менен күрөшүүдө алкоголь менен чылымды азайтуу керек. Себеби
Брюн акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарындагы COVID-19 тамекини сүйүүчүлөргө зыянын аз тийгизет деген материалдарга өз көз карашын билдирген.

"Андай маалымат биздин пикирибизде, чындыкка жатпайт. Балким, алар аталган продукцияны өндүргөндөрдүн жана кызыкдар болгон тараптардын уюштурганы деп божомолдоого болот", — деген окумуштуу.

Буга чейин интернет айдыңында карантинден улам адистер бир нече кеңештерди берип келе жатат. Маселен, Англиянын Саламаттык сактоо башкармалыгы карантин учурунда D витаминин ичип турууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0