Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын районундагы айылда жаан. Архив
Нарын районундагы айылда жаан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. 6-майда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз тоо этектеринде жана тоолуу өрөөндөрдө жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Патрулдук милициянын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туура түшүнгүлө, киргендерди текшерип жатабыз. Комендатура элге кайрылды
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Таласта +18…+23, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +21…+26, Ысык-Көлдө +16…+21, Нарында +15…+20 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек шаарында күн ачык болот, ал эми Ош калаасында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы ордо калаада +21…+23 жана Ошто +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0