Бейтап коронавирус менен оорубайм деп качып жөнөбөспү. Дарыгердин маеги

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаардык Тез жардам кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов
Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Егор Борисов Бишкектеги Тез жардам ишиндеги өзгөрүүлөр боюнча кенен-кесир кеп салды. Медиктерди чакырарын чакырып алып, бирок бейтапты эшиктен карагыла дегенге чейин жеткен шаардыктар бар экенин билдик.

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов көпчүлүк кыргызстандыктардан айырмалана пандемия токтогондо бир-эки күн эс алат.

— Өзгөчө абал убагында Тез жардамдын иши өзгөрдүбү?

— Анчалык эмес. Өзгөрүүлөрдүн баары Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилгенге чейин эле болгон. Негизинен жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн бюджетти кайра карап чыгууга туура келди. Ошондой эле коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптар менен иштөөдө медицина кызматкерлери үчүн окууларды өткөрдүк.

Ыкчам эпидемиологиялык бригададан чакырык болуп калса, кандай аракет көрөрүбүз боюнча бир нече сценарий каралган. Тез жардам бригадасы кандай кийинүүгө тийиш, бейтапты кайда жана кантип ооруканага жаткыруу керек, пайдаланылган жеке коргоо каражаттарын жок кылуу, транспортту толук дезинфекциялоо жана ушул сыяктуу башка учурлардын баары эске алынат.

Мындан тышкары, азыр Тез жардамдын диспетчерлери чакырыкты кабыл алууда бейтаптын дене табы, оору жуктургандар менен байланышта болуп-болбогону, чет өлкөгө чыгып-чыкпаганы боюнча суроолорду беришет. Эгер бул баскычта эпидемиологиялык анамнез тастыкталган болсо, анда биз бейтапты ыкчам эпидемиологиялык бригадаларга тапшырабыз.

Егор Борисов Бишкектеги Тез жардам ишиндеги өзгөрүүлөр боюнча кенен-кесир кеп салды
Бейтап коронавирус менен оорубайм деп качып жөнөбөспү. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Егор Борисов Бишкектеги Тез жардам ишиндеги өзгөрүүлөр боюнча кенен-кесир кеп салды

— Сиздерге телефон чалып, бүт үй-бүлө коронавирус менен ооруп жатканын, арасында балдар да бар экенин айтышты дейли. Ар бири ар бөлөк ооруканага жеткирилеби?

— Жок. Азыр Бишкекте бейтаптардын баары Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттердин ооруканасына жаткырылууда. Анда чоңдор жана балдар бөлүмү бар.

— Коронавируска каршы күрөш шартында татаал иш тартибинен улам көп өлкөлөрдө медицина кызматкерлери санаа-коркунучка кабылууда. Эл мындай чыңалууну көтөрө албай калып жатат. Айрымдары жумуш ордун таштап кетүүдө. Кыргызстанда COVID-19га кабылган ар бир үчүнчү бейтап — врач. Өз ыктыяры менен жумуштан кетип калгандар чыккан жокпу?

— Чындап эле дүйнөдө мындай учурлар бар, бирок биз андайга тушукканыбыз жок. Менимче, мында эки фактор дал келип калды. Биринчиден, биздин кызматкерлерди бир нерсе менен коркутуш кыйын, баарынын профессионалдык жоопкерчилиги бийик. Экинчиден, эпидемияга каршы бардык иш-чаралардан улам бизде, мисалы, Италиядагыдай көп өлүм жок.

— Ошентсе да медкызматкерлер арасында психологиялык иштер жүргүзүлөбү?

Ош шаардык башкармалыгындагы Куткаруу кызматынын жетекчиси Белек Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө апамды сагындым. Бир айдан бери үйүнө бара элек куткаруучунун маеги
— Бөлүм башчылары жана улук фельдшерлер менен агартуучулук иштери өткөрүлөт. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы жана штабы тарабынан медицина кызматкерлерин психологиялык жактан колдоо үчүн түз байланыш уюштурулган. Бирок булардын баары купуя түрдө жүрөт, ошондуктан биздикилерден ал жакка кайрылып-кайрылбаганын айта албайм. Эгер жамааттагы маанай туурасында айта турган болсок, кимдир бирөөнүн көңүлү чөккөн деп айта албайм. Баары кадимкидей эле иштеп жатышат.

— Өзүңүз коронавирус жуктуруп алам деп коркпойсузбу?

— Албетте, башкалары сыяктуу эле мен да чочулайм. Бирок акыл чегинде аракет кылам, дүрбөлөңгө түшпөйм.

— Психологдордун пикиринде, адамдар "Кудайга шүгүр, алардын ордунда эмесмин" деген ойдо врачтарга ыраазычылык билдиришет деп эсептешет. Дарыгер кесибин тандаган соң адамдар өз өмүрүн тобокелге салууга милдеттүү деп ойлогон кишилер да жок эмес. Бул туурасында кандай пикирдесиз?

— "Бул кесипти тандаган соң наалынбай иштегиле" деген дооматтар боюнча, биз ошентип эле иштеп жатабыз. Себеби ишти бизден бөлөк ким аткарат. Негизи ар ким өзү билет, кандай пикирди карманбасын, ачык айта алат.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЕгор Борисов көпчүлүк кыргызстандыктардан айырмалана пандемия токтогондо бир-эки күн эс алат
Бейтап коронавирус менен оорубайм деп качып жөнөбөспү. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Егор Борисов көпчүлүк кыргызстандыктардан айырмалана пандемия токтогондо бир-эки күн эс алат

— Кыргызстандыктардын медицина кызматкерлерине мамилеси чындап эле өзгөрдүбү?

— Адамдардын акылында укмуштуудай өзгөрүү болуп кете элек. Бирок чын дилден ыраазы болгондору, айрым учурда катуу сүйүнгөндөрү чындап эле байкалат.

— Айрым өлкөлөрдө коронавирустун бар-жогун аныктоочу тесттен бекер өтүү үчүн амалдана Тез жардамды чакырышат экен.

— Бизге ушундай суроолор менен да кайрылышат, бирок диспетчерлер Бишкекте Тез жардамда коронавируска тест жасалбаганын айтып түшүндүрүшөт. Бул ишти ыкчам эпидемиологиялык бригадалар алып барышат.

— Коронавирустун шеги бар бишкектиктер врачтарды чакыруу үчүн башка себепти айтып коюшпайбы?

Ситуация в США из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Үч күн тура албай ыйладым. Коронавирус жуктурган медиктин жан азабы
— Ушундай бир учур катталган. Бейтап үй карантининде экен, бирок Тез жардамды туугандары жүрөгү кармады деп чакырышкан. Карантин туурасында ооз ачышкан эмес, бригада эч кандай экипировкасыз барган. Обсервацияга жаткырууга, илдетке текшерип, анализ алууга туура келген. Кудай жалгап, биз чочулагандай болбоду.

— Өзгөчө абал режиминен улам жол кырсыктары азайганы түшүнүктүү, кандай кайрылуулар арбыды?

— Криминалдык учурларга байланышкан чакырыктардын саны азайды, азыр баары үйдө, мурункудай отуруштар жок. Жалпысынан бизде Тез жардам кызматына кайрылгандардын саны кичине азая түшкөнү байкалат. Бирок телефон аркылуу диспетчерлердин консультациялык жардамын алгандар көбөйдү.

— Тез жардам чакыруудан чочулашабы?

— Андай жагы да бар. Айрым адамдар медкызматкерлер менен байланышпоого аракет кылып жатышат. Медиктерден жуктуруп алабызбы деп чочулашат. Бир жолкусунда Тез жардам кадимки эле чакырык боюнча келсе врачтарга: "Квартирабызга кирбей эле койгулачы, сураныч. Биз бейтапты машинага жиберели, автоунаа ичинде текшергиле", – дешиптир.

— Медицина кызматкерлеринин жүгү өзгөрдүбү?

—Бул багытта бизде баары кадимкидей эле. Башынан эле тез жардам бригадалары тартыш. Норматив боюнча, Бишкекке жүздөн ашуун зарыл, ал эми ушул тапта бизде 38 гана бригада иштейт.

— Өзгөчө абал режимин жана карантинди узартуу боюнча эмне деп ойлойсуз?

© Sputnik / Досхан НусупбековБорисов: ыкчам эпидемиологиялык бригададан чакырык болуп калса, кандай аракет көрөрүбүз боюнча бир нече сценарий каралган
Бейтап коронавирус менен оорубайм деп качып жөнөбөспү. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Борисов: ыкчам эпидемиологиялык бригададан чакырык болуп калса, кандай аракет көрөрүбүз боюнча бир нече сценарий каралган

— Жеке пикиримде, азыр көрүлүп жаткан чаралардын баарын болушунча сактап калууга тийишпиз.

— Эки ача пикир бар: биринчиси – биздин өлкөдө илдеттин күч алган убагына дагы көп бар. Экинчиси – бейтаптардын саны арбын өлкөлөрдө күзүндө экинчи толкун башталат деген божомол. Мындай коркунуч жокпу?

— Мындай жоромолдор чындап эле бар. Азыр экинчи толкунга даяр болуу үчүн көп чаралар көрүлүп жатат. Оорунун эң күч алган убагын болжоо кыйын, бирок биз андан өттүк дегенге ишенгибиз келет.

— Жеке баамыңызда киргизилген жана сунушталган норма, айтылган эрежелерди кыргызстандыктар жетиштүү деңгээлде сактап жатышабы?

Кыргызстанка Миргуль Омуралиева, живущая в Италии - Sputnik Кыргызстан
Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги
— Өзгөчө абалдын экинчи баскычында элдин чочулаганы басаңдап калгандай, бул көчөдө элдин көбөйө түшкөнүнөн байкалат. Экономикалык тарабын, канчалаган адамдар жумушсуз калганын айтпаганымда да үйдө отуруу чындап эле оорлогондон оорлошуп барат…

— Айрым кыргызстандыктар бет кап тагыныштын кереги жок деген көз карашта. Чындап эле зарыл эмеспи?

— Толук, тастыкталган жоопту алуу үчүн бул соболду эпидемиологдорго узаткан оң. Бизге бет капты соо адамга эмес, бейтапка тагууну үйрөтүшкөн.

Мындан тышкары, аны ачык жерде тагыныштын кажети жок. Бирок бизде сөзсүз сактоо керек деген кеп-кеңештер бар. Менимче, кандайдыр бир деңгээлде бул дагы инфекциянын таралышын ооздуктап турууга мүмкүндүк берет.

— Көптөгөн медкызматкерлер жеке коргоо каражаттарынын тартыштыгына жана арзыбаган кошумча акчага даттанып жатышат.

— Бул маселеде мен Бишкек Тез жардамы үчүн гана жооп берейин. Алдын ала даярданып, жеке коргоо каражаттары менен камсыз болуп алууга үлгүрдүк. Буга биз бюджетибиздин бир бөлүгүн сарптадык, ар кыл кайрымдуулук уюмдарынан гуманитардык жардам алдык.

Кошумча төлөмдөр боюнча айтсак, жумуштун ар кандай көлөмүн аткарган ал кыл категориядагы дарыгерлер бар экени түшүнүктүү. Врач-инфекционист жана эпидемиологдорго эң көп төлөмдөр белгиленген. Алар коронавируска кабылган бейтаптар менен күнү-түнү иш алып барууга аргасыз болушкан.

Тез жардамдын бул бейтаптар менен алпарылган иштин көлөмүн... Кандай десем, мисалы, биздин инфекциялык оорукананын медицина кызматкерлеринин мээнетине теңеп болбойт. Бир чакырык же коронавируска кабылган бейтапты жаткырууга биздин айлыкка кошумча 500 сом төлөнөт.

© Илья ЮжаковБорисов: тез жардамдын диспетчерлери чакырыкты кабыл алууда бейтаптын дене табы, оору жуктургандар менен байланышта болуп-болбогону, чет өлкөгө чыгып-чыкпаганы боюнча суроолорду беришет
Бейтап коронавирус менен оорубайм деп качып жөнөбөспү. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Борисов: тез жардамдын диспетчерлери чакырыкты кабыл алууда бейтаптын дене табы, оору жуктургандар менен байланышта болуп-болбогону, чет өлкөгө чыгып-чыкпаганы боюнча суроолорду беришет

— Өзгөчө абал убагында Тез жардам дарыгерлеринде кызыктуу окуялар болдубу?

— Күндүзү көчөгө бригаданы чакырышат. Тез жардам келгенде бейтап "мени кое бергиле, коронавирус жок менде" деп кыйкыра врачтардан качып жөнөптүр.

— Сурабай кое албайм. Пандемия токтогондо эң алгачкы кадамыңыз эмне болот?

— Карантин убагында жашоомдун ыргагы өзгөрүп деле кеткен жок. Элдин көпчүлүгүнөн айырмаланып, эки-үч күн эс алам (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0