Боронов Ысык-Көлгө кирип-чыгууну чектөөнү аша чапкандык катары баалады

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер баары Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен текшерүү алгоритмине ылайык иш алып барышы зарыл экенин айткан.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн регионго кирүүгө тыюу салуу жана коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу жарандардан маалым кат талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керек. Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык штабдын отурумунда билдирди.

Анын айтымында, аймакка кирүүчү жердеги санитардык-карантиндик посттордо автоунаалар менен адамдарды Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен текшерүү алгоритмине ылайык көзөмөлдү күчөтүү улантылышы шарт.

“Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу ашыкча. Бул тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары иш-аракет”, — деди Боронов.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облустук штабы 4-майдан баштап өз аймагына кирип-чыгууга тыюу салуу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, облустан жүйөлүү себеп менен гана чыгууга уруксат берилет. Ал эми сырттан келгендерден экспресс-тест, ПЦР анализинин жыйынтыгы боюнча маалым кат талап кылынат. 14 күндүк үй карантинине алынат.

Коронавирустун кесепети

Жолго койюлган чектөө - Sputnik Кыргызстан
Вице-мэр: 11-майдан кийин Бишкекке жаңы чектөө киргизүү пландалууда
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0