БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Ош облусунун Араван районуна жер-жемиш сатып алганы Россиядан келген жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тыкыр текшерилип жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда райондун акими Курманбек Айтибаев билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта Араван районунда жер-жемиштер бышып, дыйкандар түшүмүн өлкө аймагына таратып, сыртка дагы экспорттоп жатат.
"Райондо сырткы посттор калтырылып, ичкилери алынган. Учурда тиешелүү органдар ал аркылуу кирип-чыккан, Россиядан жер-жемиш сатып алуу үчүн келген айдоочуларды, техниканы тыкыр текшерип жатат", — деди аким.
Белгилей кетсек, 5-майга карата Ош облусу боюнча коронавирус жуктургандардын саны 113кө жетти.