Конституциянын нормаларын сактоо — негизги милдетибиз! Жээнбековдун куттуктоосу

Жазылуу
Эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Майрамга карата мамлекет башчы элди куттуктады.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Куттуктоо текстин өзгөртпөстөн беребиз:

Урматтуу мекендештерим! Сиздерди 5-Май — Конституция күнү менен куттуктайм.

Чейрек кылымдан ашык мезгилден бери Конституциябыз эгемен мамлекетибиздин өнүгүү жолун аныктап, өлкөбүздүн соңку тарыхында өзгөчө ролду ээлеп келет.

Конституция — Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялуу мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Мирзиёевден элдин ал-жайын сурап, колдоо сөздөрүн айтты
Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда.

Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз.

Майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге ден соолук, бакты-таалай, ийгиликтерди каалайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0