Күн сайын өсүп жатат! Нарында дарыгерден коронавирус табылды

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер коопсуз костюм кийип жаткан убакытта. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер коопсуз костюм кийип жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Өткөн суткада Нарын облусунда иштеген бир медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 217 учур катталды, алардын ичинен 150 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Коронавирустун кесепети

Ооруканадагы бош керебет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: коронавирустан дагы бир жаран көз жумду
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0