COVID-19: учурда 8 кишинин абалы оор

© Sputnik / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкерлери коопсуз костюмчан иш учурунда. Архив
Тез жардам кызматкерлери коопсуз костюмчан иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда түндө коронавирустан бир киши каза таап, өткөн суткада оору жуктургандардын саны 13 адам болду.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Учурда коронавирус менен ооруп жаткан 8 кишинин абалы оор бойдон калууда, анын ичинен 5 киши реанимацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

“8 кишинин абалы оор бойдон калууда. Алардын ичинен 5 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат”, - деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирустан бир киши каза таап, өткөн суткада оору жуктургандардын саны 13 адам болду.

Андан сырткары, бир медайымдын ооруга чалдыкканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0