“Биз да ооруп калабызбы” деп ыйлашты. Медиктерди айыктырган дарыгердин маеги

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Клара Жунусова медиктердин көбүнө коронавирус жугуп, карантинге жабылган Ош шаардык инфекциялык балдар ооруканасында бөлүм башчы болуп иштейт. Ал өз кесиптештерин айыктыруу үчүн кандай кыйынчылыктарды басып өткөнүн айтып берди.

Дарыгердин баянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Facebook баракчасына жарыялады.

Жунусова COVID-19 жуктуруп алган кесиптештерин кантип дарылаганын, беш күн бою жумуш ордунда калып, анын үч күнүн уйкусуз өткөргөнү тууралуу кеп кылды. Ошондой эле ал коргоочу костюмдар менен иштөө түйшүгүн дагы белгилеп өттү.

Коронавирус жуктургандан кийин башка оорулары козголуп кетет

Мен коронавируска кабылгандарды дарылоого алгачкы ирет 5-апрелде чыктым. Ал күнү эки бейтап келди, бири кош бойлуу келин, экинчисинин колунда 11 айлык баласы бар. Эне-бала жөтөлүп жаткан, бирок абалы жакшы болчу. Кош бойлуу аялда оорунун белгилери жок эле. Италиядагы видеолордон көргөнүн элестетип “мен таза элемин, эмнеге жаткырды?” дегендер болду. Эртеси баласы менен жаткан аялдын абысыны түштү. Артынан эле кесиптештерим келе баштады. Биринчи күнү дарыгер, медайым, кичи медайым болуп үчөө көздөрү кызарып, ыйлап алышкан. Бирөөнү дарылабай, өзү ооруп калганына коркуп, ыза болуп алышкан. Мен да аябай толкундандым, бирок өзүмдү кармап, дарылоого кириштим. Бир дарыгердин абалы башында эле оор эле, күчтүүрөөк дарыларды берип жаттык. Медайымдардын өнөкөт оорулары бар экен, алар козголо баштады. Стресс болуп, ой басканда адамдын ички сезгентүүчү оорулары күчөйт экен.

13 кесиптешим шолоктоп ыйлап...

 Коронавирус инфекциясынын кесепетинен көз жумган№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева - Sputnik Кыргызстан
30 жыл иштеген. COVID-19дан көз жумган дарыгер Көкүмбаевага жазылган некролог
Эки күндөн кийин өмүр бою эсимде калчу окуя болду. 13 бейтап түштү, карасам баары кесиптештерим экен. “Кантип эле биз ооруп калдык?” деп көргөн көздөрүнө ишенбей турушту. Анын ичинен бешөө биздин бөлүмдө иштегендер. Мени көргөндө токтоно албай, кучактап ыйлап ийишти. Мен өзүмдү кармап күлүп-жайнап аларды жооткотконго аракет кылдым. “Эмне ыйлайсыңар, тозокко келдиңерби? Баары жакшы болот” деп чыйралтып жаттым. Ошол учурда терс эмоцияларды сиңирип алганмынбы, айтор, ошол күнү кечке өзүм жаман болуп жүрдүм.

Бууланган көз айнекти арчый албай айласы кетип...

Жеке коргонуучу кийимдерди кийүүгө эле 30 мүнөт убакыт кетет. Себеби бейтаптарга киргенде алты саат жүрөсүң, өзүңө жукпай турганына кепил болушуң керек. Бет капта дем алуу аябай кыйын, өпкөгө кычкылтек жетпей калат. Кээ бир көз айнек тердебейт, кээ бирин тазаласаң деле тердей берет. Ичине киргенден кийин көз айнекти кармаганга болбойт. Айнеги бууланып, кичине бир жылчык калат, ошодон шыкаалап карайбыз. Кийин атайын тез-тез дем алып, бууну суу кылып кетирчү болдук. Алты саат бет кап менен дем алганда кычкылтек жетпей, суусайт экенсиң.
Анын үстүнө өзүм дарылап жаткан кесиптештеримди көрүп, стресске алдырдым. Бери карап күлүп, ары карап ыйлаган учурлар болду.

Үч дарыгердин абалы оорлогондо уйкум качты

Ош шаардык башкармалыгындагы Куткаруу кызматынын жетекчиси Белек Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө апамды сагындым. Бир айдан бери үйүнө бара элек куткаруучунун маеги
Кийин мен үйгө барганда, “чын эле ошол оору бар бекен?” деп сурап жатышты. Ооба бар, бирок анын жеңил, орто жана оор түрлөрү болот экен. Оор түрүнө кабылгандар аябай кыйналат. Үч дарыгердин абалы оорлошо баштаганда менден уйку качты. Элестетсеңиз, дем алган сайын өпкөсүнөн кыйч-кыйч деп чыккан үндү угасың.
Арасында менден тажрыйбалуу насаатчыларым бар, аларды сооротуу үчүн алдай албайсың, ошол жагынан кыйналдым. Өздөрү да кеп-кеңеш айтып жатышты. Бирок мен насаатчым эмес, бейтап катары карап, өзүм көп чечимди кабыл алууга туура келди. Тааныбаган адам болсо жеңил болмоктур, таржыйбалуу 16 медикти дарылоодо шайым кетип калды.

Бирөөнүн абалы күндөн-күнгө оорлошо берди. Үч литр плазма алды, дайым кычкылтек менен дем алып жатты. Ушул темп менен кетсе өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратына кошулмак. Ага жеткирбейин деп коркуп, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына котордум. Ал жактын дарыгерлери бир айдан бери иштеп бизге караганда тажрыйбалуу болуп калышкан да. Мен эми эле көрүп жатам да бул вирусту. Бактыга жараша ал дарыланып, жакшы болуп чыкты.
Ошону менен оор абалдагы үч кесиптеш тең үйүнө чыгарылды. Бирок азыр деле толук айыга элек. Өпкөсү сайгылашып, “шалдырайбыз, жел болсо дагы дароо сезебиз” дейт.

Оорунун белгиси жок жүргөндөр пневмонияга кабылды

20 күн мурун төрөлгөн тун уулумду көрө элекмин. Жаш дарыгердин баяны видеодо - Sputnik Кыргызстан
20 күн мурун төрөлгөн тун уулумду көрө элекмин. Жаш дарыгердин баяны видеодо
65 жаштагы дарыгерибизде оорунун белгилери жок болчу, андан кандайча вирус аныкталганына таң калгам. Рентгенге тартсак эле пневмония чыгып жатпайбы. Ага мурда жеңил дары берчүмүн, кийин күчтүүрөөгүн жаза баштадым. Адам жөтөлүп же дене табы көтөрүлбөсө дагы рентгенден чыгып калышы мүмкүн экен.
Дагы бир бейтапта биринчи күнү оорунун белгилери жок болду. Жөн гана аллергия болуп дарылап жүргөнбүз. Үч-төрт күндөн кийин жөтөлө баштады, рентгенге тартсак пневмония бар деп көрсөттү. Ошондой эле орточо абалдан бат эле оорго өтүп кеткендер да болду. Ушуга окшогон жактары да бар экен. Мен ошондо оорунун белгиси жок болсо да, тесттен аныкталгандардын баарын ооруканага эмне үчүн жаткырарын түшүндүм.

Албетте, кесиптештеримдин арасында оорунун белгилери жок эле бир аз чыйрыгып, жөтөлүп жүрүп сакайып кеткендер болду. Бүгүнкү күндө кесиптештеримдин баары чыкты. Бул мен үчүн чоң тажрыйба болду.
Азыр биздин бейтапкана жабык болгондуктан, үйдө бала-чакам менен эс алып отурам. Дарыгерлер көбүнчө патриоттук сезим менен иштеп жүрөбүз. Ошол сезим өчпөсүн жана эртерээк бала-чакаңарды кучагыңарга алышыңарга тилектешмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0