Лейлектеги селден кийин элге жарык, суу бериле баштады

© Фото / пресс-служба МЧС Лейлек районундагы селдин кесепети
 Лейлек районундагы селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда райондун унаа жолдору толугу менен тазаланып, автоунаа каттамы жанданган. Турак үйлөр да тазаланып бүттү.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ишемби күнкү селден кийин Лейлек районунда жол, таза суу, электр энергиясы калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Учурда райондун унаа жолдору толугу менен тазаланып, автоунаа каттамы жанданган. Ал эми Исфана шаарынын элине толугу менен жарык, таза суу берилгени айтылат.

Тогуз-Булак жана Сумбула айылдарына дагы кайрадан электр энергиясы туташтырылды. Катраң айылына да жеткирүү аракети көрүлүүдө.

"Табигый кырсыктан Лейлек районунда төрт турак жайдын ичине, төрт үйдүн жер төлөөсүнө, алты үйдүн короо жайларына, бир бала бакчанын жер төлөөсүнө суу кирген. Азыркы учурда алардын баары тазаланып бүттү", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кара-Таш, Беш-Бала, Мурза-Патча, Самат айылдарына келчү таза суу системасы оңдолуп жатат. Селден улам келтирилген жалпы чыгым такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0